Вакцинадан кийин төш чоңоет деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин кыздардын төшү чоңоет. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Макаланы бир нече басылмалар жазып чыккан. Анда норвегиялык айымдардын эмдөөдөн кийин төшү чоңойгону айтылып, ал эми дарыгерлер муну лимфа түйүндөрүнун чоңойгону менен түшүндүргөн.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Жаңылыкты көптөгөн россиялык басылмалар жазып чыккан. Алар nrk.no аттуу сайтка шилтеме берген. Маалыматтын алгачкы булагы болгон бул басылма 17 жаштагы Эмма аттуу кыздын окуясын баяндаган. Эмма эмдөөдөн өткөн соң эки жумадан кийин төшүнүн чоңойгонун TikTok социалдык тармагында билдирген. Ал эми анын постунун алдында башка айымдар дагы ушундай окуяга туш болгонун жазышкан.

Генрих Бакманн аттуу дарыгердин айтымында вакцинадан кийин убактылуу лимфа түйүндөрү чоңоет, жыйынтыгында төш алдыга чыгып, чоңойгондой чезилет. Дал ушундай эле пикирди норвегиялык Дары-дармек агенттигинин адиси Стейнар Мадсен да билдирген. Ал болжол менен айымдардын 10%ынын колтук жагында лимфа түйүндөрү кеңейе турганын айткан.

Жыйынтык: жалган. Айрым учурларда эмдөө алган соң, колтук жакта лимфа түйүндөр кеңейип, төш бир аз алдыга чыгат. Анын эсебинен төш чоңойгондой сезим калтырат.