Италия толугу менен ислам динин кабыл алды деген маалымат фейк

Италия коронавирус илдетин натыйжалуу ооздуктай албаган сон, ислам динин кабыл алды деген маалымат социалдык тармактарда кеңири тарады. Ага далил катары митнгге катышкан бир топ адам «Аллах акбар!» деп кыйкырган тасма келтирилет.

Тасма коомчулукта чоң резонанс жаратып, аны 3,5 миллиондон ашуун адам көргөн.

Видеого анын мүнөздөмөсү дал келеби, Factcheck.kg териштирди.

Тасма Италияда тартылган деп айтылат. Аны кылдат карап чыкса, Polizei деген жазуусу бар полиция унаасын көрсө болот.

Демек, окуя чынында Германияда болуп өткөн.

Тасма аркылуу издөө салсак, Гамбургда Кытайдагы уйгурларды колдоо максатында өткөн демонстрация учурунда тартылганын аныктайбыз. Ошол эле булактан дал ушул окуянын башындагы киришүү сөз тартылган видеону көрөбүз.

Тасмадан SULTAN BAZAR аттуу жазууну байкайбыз да, эки видео тең бир жерден тартылганына ынанабыз.

Гул карта аркылуу тасма бир нече жыл мурда тартылганын аныктайбыз. Себеби, учурда бул жер бир канча өзгөрүүгө учураган:

Screenshot_12

Мындан соң имараттарды салыштырабыз да, тасма дал биз аныктаган жерде тартылганына күбө болобуз.

Жыйынтык. Фейк. Видеонун Италия өлкөсүнө тиешеси жок. Ал Гамбургдагы мусулмандардын Кытайдагы уйгурлардын укугун коргоого арналган митинг учурунда тартылган.