1 миллиарддык инвестиция. Кантип “Туратали базары” мамлекеттик базардын директору МЖӨ аркылуу аны 49 жылга ижарага алалды

Жыл сайын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик ишканаларга инвестиция салууга каражаттарды тартып келет. Мисалы, 2022-жылы Борбор инвестиция түрүндө 30 млрд сомду тарта алган жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында 15 келишимге кол койгон.

Алардын арасында редакциябыздын көңүлүн бурдурган бир келишим болду. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Тураталы базары” мамлекеттик ишкана (МИ) менен “«Кара-Суу» соода рыногу” ЖЧК ортосундагы келишим. Инвестициянын көлөмү 1 млрд сомду түзүп, фирма базарды 49 жылга ижарага алган.

Factcheck.kg аныктагандай, “«Кара-Суу» соода рыногу” компаниясынын негиздөөчүсү “Тураталы базары” мамлекеттик ишканасынын директорунун энеси болуп эсептелет. Бул тууралуу кененирээк биздин материалда.

“Кара-Суу” базары Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан жана Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын бири болуп саналат, аянты жана соода-сатыгынын көлөмү боюнча “Дордойго” бир аз жетпейт. Ал дээрлик 20 га жерди ээлейт. Базар 1 мамлекеттик жана 18 чакан базарларды бириктирет. Негизги болуп “Тураталы базары” мамлекеттик ишканасы эсептелет. Азыркы учурда бул мамлекеттик ишканага 6,26 га жер участогу жана базардын мүлктүк комплексинин бир бөлүгү бекитилген. Мамлекеттик ишкана өзүнүн чарбалык ишин мүлктүк комплексти түзгөн 1284 соода орундарында жана 610 контейнерлеринде жүргүзөт.

Кандай келишимге кол коюлган?

2022-жылдын 5-сентябрында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча  “Тураталы базары” МИ менен “«Кара-Суу» соода рыногу” ЖЧК ортосундагы келишимге кол коюлган. Соода мейкиндигин модернизациялоого жана жаңы соода жана мейманкана объектисин курууга заманбап инфратүзүмдү түзүү зарылчылыгы, мамишкананын заманбап санитардык-экологиялык нормаларга, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегени, электр түйүндөрүнүн эскилиги себеп болгон.

Сунуш кылынган инвестициялардын көлөмү 1 млрд сомдон ашык сумманы ($12 млн) түздү, алар иштин төмөнкү түрлөрүнө багытталат:

  • рынокто сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү;
  • “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын аймагында жабык соода комплексинин болушу;
  • суу менен камсыздоо жана канализация, медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу ишканалары, душ, дааратканалар менен камсыз кылуу менен заманбап инфратүзүмдү түзүү;
  • санитардык, экологиялык нормалардын, сооданын жана коомдук тамактануунун эрежелеринин, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен сооданы камсыз кылуу;
  • шаар менен оптималдуу транспорттук байланышты камсыз кылуу, базарды облустун бардык райондору менен байланыштырган каттамдарды ачуу;
  • комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жолдорду негизги транспорттук каттамдар менен ыңгайлуу байланышты камсыз кылуучу транспорттук түйүн куруу;
  • эл үчүн ыңгайлуу паркингди камсыз кылуучу жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын болушу;
  • соода комплексине кирүүчү жолдорду оңдоону жана реконструкциялоону ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, ушунча эле каражатты Бишкекте 10 бала-бакчаланы курууга, Өзгөндү айланып өтүүчу жолду курууга жумшоо пландаштырылууда.

Жеке фирма тууралуу эмне белгилүү?

“«Кара-Суу» соода рыногу” ЖЧК 2022-жылдын 10-майында катталган. Белгилей кетүүчу жагдай, ал дүң соода менен алектенет, курулуш иштерине адистешкен эмес. Бирок Экономика министрлигинин сайтындагы биринчи эле сүйлөмүндө “МЖӨнүн долбоору узак убакытка эсептелген жана учурдагы соода аянтчаларын модернизациялоого жана жаңы соода жана мейманкана объектисин курууга багытталган” деп жазылып турат.

2023-жылы эле бюджетке которулган салык төлөмдөрүнүн суммасы 2 млн сомду түзгөн.

Фирманын негиздөөчүлөрү болуп Адылова Миргүл Адыловна жана Курбаналиева Күмүшай Жапаровна саналат. Акыркы – “Тураталы базары” МИнин директору Эргешов Нурбек Тойчубековичтин энеси болуп эсептелет. Буга алардын фамилияларынын окшоштугу да далил – мурда Нурбек Эргешовдун фамилиясы Курбаналиев болчу. Бул тууралуу аткаминер өзү да билдирген.

“Фамилиямды өзгөрткөм, бул чындык. Курбаналы атамдын чоң атасы, ал эми Эргеш менин чоң атам. Атамдын аты Тойчу”, – деген ал мурда.

Андан сырткары паспортту алмаштырууга документте “энеси” деген жерде Курбаналиева Күмүшай Жапаровна деп көрсөтүлгөн.

Factcheck.kg редакциясы компания тууралуу маалымат алыш үчүн анын директору менен байланышкан. Ал бизнес чынында эле энесине катталганын жана бул ишке Кара-Сууда “бардык инвесторлор качып кеткенине” байланыштуу барганын билдирген.

“Убада бергенден кийин куруш керек болду (соода борборун – ред. түш.), бирок мамлекет бизге бир да сом жардам бербейт. 1.5 млрд сомго куруу – бул оңой иш эмес. Макул, энемди алып коёюн, анда башкасын (инвесторду – ред. түш.) таап бергиле. Анда мен курулушту токтотушум керек болот. Мен Москвадагы досторуман 10-30 миллиондоп карыз алгам. Башка бирөө акчасын салгысы келбейт, коркот. Кара-Суу дегенде инвесторлордун баары жаа бою качат”, – деп түшүндүрдү аткаминер.

Базарда эмне болуп жатат?

“Туратали базарындагы” мамлекеттик жер директордун энеси ээ болгон компанияга өткөнүн ЖКнын депутаты Балбак Түлөбаев билдирген.

“Кара-Суу базарында 5 га жерди мамлекет алып туруп, бир фирмага берип койгон. Ошол фирманын ээси ким? Эмне үчүн мамлекет алгандан кийин өзү иштетпейт? Бир кишинин энесине каттатып, ал иштетип атат. Анысы аз келгенсип жанындагы 7 гектарды алып элдерден, какшатып, колундагы кызыл китептерин да урган жок. Эртең алардын бардыгы жооп берет мыйзамдын алдында”, – деген депутат.

Бул күндөрү “«Кара-Суу» соода рыногу” ЖЧК котлованды казганга жетишти. Аны “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиокомпания даярдаган репортаждан көрсө болот. Бирок “Туратали базарынын” сатуучулары базардын администрациясы аларга тийиштүү жерлердин бир бөлүгүн тартып алгысы келип жатканына нааразы.

Сатуучулардын айтымында, алардын колунда кызыл китептери бар жана алар жер ээлери болуп саналышат:

“Документибиздин токтому 1997-жылы чыгарылып, 2001-жылы госакт – кызыл китеп берилген экен ал жерге. Ошонун негизинде эки кабаттуу имарат курулган. Мен үчүнчү өз ыктыяры менен сатып алган сатып алуучу болуп эсептелем. 2021-жылдын февраль айында базарыбыздын жетекчиси алмашкан. Өзүңөр көрдүңөр, имаратыбыздын аркасына чоң маркет – соода борборун салып атат. Негизинен ал курулушка калакатыбыз тийбейт, ал курулуштун да бизге калакаты тийбейт. Бирок негедир биздин жерлерибиз керек болуп, мүлк фондунун атын жамынып, биздин документерибизди, кызыл китептерибизди жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылышкан”, – деген сатуучулардын бири “Ынтымак” телекомпаниясынын журналисттерине.

Ушуга окшош кырдаал 150 сатуучуда байкалат. Алар соттук териштирүүлөр токтобой уланып жатканын билдиришет. Андан сырткары базардын ээси Нурбек Эргешовдон алардын соода имараттарын сатып алуу тууралуу сунуш түшкөн, бирок сунушталган сумма ($20 миң) аларды канааттандырган эмес.

Мыйзам эмне дейт?

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамга ылайык, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын кагылышуусу болбоосу тийиш.

Өз кезегинде конкурстук комиссиянын курамына мамлекеттик өнөктөштүн өкүлдөрү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ адис, экономика же финансы, юриспруденция жаатындагы адистер, долбоор түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет (10-берене, 6-пункт).

Тыянак: Конкурста жеңүүчүнү аныктоодо мыйзамдын нормалары одоно бузулган. Кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экени даана көрүнүп турат, анткени мамлекеттик ишкананын жакын бир тууганы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча контракт алган.

Сатуучулардын жерин алуу жана алардын кызыл китеби боюнча маселени сот чечиши керек.