Жарандардын маморгандарга ишеним деңгээли кандай өзгөрдү?

Ар жарым жыл сайын Улуттук статистикалык комитет сурамжылоо өткөрүп, калктын мамлекеттик органдарга ишеним индексин баалайт. Сурамжылоого 18 жаштан 70 жашка чейинки өлкө боюнча 3600 адам тартылат.

Factcheck.kg редакциясы 2016-жылдан 2022-жылга чейинки убакыт аралыгындагы калктын бийликке ишеним индексиндеги өзгөрүү тенденцияларын аныктады: кайсы органдарга көбүрөөк ишенет жана кайсыл жакта бийликке ишеним эң жогору.

Калктын ишеним индекси -100дөн +100гө чейин бааланат. Индекс нөлдөн жогору – оң мааңайдагы мамилени, ал эми нөлдөн төмөн – терс мамилени көрсөтөт. Сурамжылоо ишенимдин деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк берген бир нече факторлорду камтыйт, анын ичинде бийликтин жасап жатканы менен канааттануунун деңгээли, калктын пикири боюнча бийлик түзүмүндөгү жемкорлуктун деңгээли.

Ишеним өсүшүнүн тенденциясы

2022-жылдын аягында калктын мамлекеттик органдарга ишениминин деңгээли 35.3 баллды түзгөн, бул 2016-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу кыйла жогору, анда ал 19.5 баллга барабар болчу. График боюнча, ишенимдин кескин өсүшү 2016-жылдын экинчи жарымында байкалган, бирок Сооронбай Жээнбеков бийликке келген 2017-жылдын жарымынан тартып ал төмөндөй баштаган. 2018-жылдын жарымына чейин ишенимдин деңгээли төмөндөп турган, андан кийин ал бир аз өскөн, бирок Жээнбеков башкарган акыркы жылдары индекс кайра төмөндөй баштаган.

Бишкектиктер мамлекеттик органдарга баарынан аз ишенишет

Бишкектиктер арасында мамлекеттик органдарга ишеним өлкө боюнча эң аз деңгээлде – сурамжылоо ал болгону 2 баллга тең экенин көрсөттү. Ал эми эң жогорку ишенимди Жалал-Абад облусунун тургундары көрсөтүштү – 40.4 балл, экинчи орунда Баткен облусу турат – 40.1 балл.

Калк кайсы мамлекеттик органга көбүрөөк ишенет жана ишенбейт?

Өлкөнүн тургундары Саламаттык сактоо министрлиги (22.3 балл) менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (23.6 балл) эң аз ишенишет. Жарандар баарынан көп жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына (51.7), өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына (49.3) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (47.8) ишенишет.

Калк арасында жемкорлукту кабыл алуу индекси

Жемкорлукту кабыл алуу индексинин шкаласы да -100дөн +100гө чейин, көрсөткүч канчалык -100гө жакын болсо, мекеме ошончолук жемкорлукка баткан деп эсептелет.

Кыргызстандыктардын пикиринде, өлкөдө жемкорлуктун деңгээли төмөндөөдө. Эгер 2016-жылы калк жемкорлук жогорку чекте деп бааласа, 2022-жылы анын көрсөткүчү кыйла жакшырып 25 баллды түзгөн.

Бирок эл аралык Transparency International уюмунун билдирүүсүндө, өлкөдө жемкорлуктун деңгээли өсүүдө

Жемкорлуктун деңгээлин баалаш үчүн уюм 0дөн 100гө чейинки шкаланы колдонот. Баллдын жоктугу жемкорлуктун эң чоң деңгээли, ал эми 100 балл өлкөдө жемкорлук жок дегенди түшүндүрөт. Ушул көрсөткүчтөр эске алынып өлкөнүн орду аныкталат. Балл канчалык көп болсо, жемкорлукту кабыл алуу индексинде өлкө ошончолук жогору турат.

Transparency International уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, 2022-жылы Кыргызстан 27 балл алып, 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген, бул өлкөдө жемкорлуктун деңгээли дагы эле жогору дегенди билдирет.

Кыргызстан эң чоң баллды 2020-жылы алган (изилдөө 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келет), анда ал 31 балл алган болчу. Бирок 2021-жылы өлкөнүн көрсөткүчү төмөндөп, экинчи жыл өзгөрүүсүз сакталып турат.

 

Тыянак: Улуттук статкомитеттин маалыматтары боюнча Кыргызстандын жарандары мамлекеттик органдарга көбүрөөк ишене баштаган, бирок ал көрсөткүч дагы эле төмөн болуп эсептелет. Изилдөөгө ылайык, кыргызстандыктардын ишеним деңгээли 34 баллды түзгөн, ал эми Бишкек өз ишенимин болгону 2 баллга баалаган.