Эгер үй жумуштарына акча төлөнсө, аялдар канча табат эле?

Аялдар дүйнөлүк эмгек рыногуна көптөн бери жигердүү катышып келе жатат, бирок азыркы күнгө чейин эркектерге салыштырмалуу үй иштерин жасаганга көп убакыт, көп күч коротушат. Мындай теңсиздик өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө да, өнүккөн өлкөлөрдө да байкалат.
Мисалы, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги подъездде “Урматтуу айымдар, подъездди жуугула” деген жазуусу бар такта байкалган. Эмне үчүн аялзатына гана кайрылуу болгону азырынча белгисиз. Бирок биздин коомдо “экинчи смена” деген түшүнүк калыптанып калган – аялзатына негизги жумуштан кийин үй жумуштарын дагы да жасоого туура келет, бул жумушта күйөөлөрү, адатынча, жардам беришпейт.
Так ушул жумуш эстелбей да, төлөнбөй калат. Factcheck.kg редакциясы аялзатынын “экинчи сменадагы” төлөнбөгөн жумушунун көлөмүн жана баасын аныктап көрдү. Спойлер: айына 23.5 млрд сом.
Улуттук статистикалык комитет (мындан ары Улутстатком) өзүнүн изилдөөсүндө сутканы 1440 мүнөткө бөлүп, орточо кыргызстандык жаран убактысын кантип колдоноорун аныктап чыккан. Сурамжылангандардын жалпы саны 4525 адамды түзгөн. Изилдөө жүргүзүү үчүн Улутстатком респонденттерди жынысы жана жашаган аймагы боюнча бөлүштүргөн.
Аялзаты канча иштейт?
Ар бир кыргызстандык айым үй жумушуна күнүнө орточо алганда 4 саат 50 мүнөт, же айына 145 саат жумшайт, ал эми эркектер болсо күнүнө 44 мүнөт, же айына 22 саат, бул аялзатынын убактысынан 6.5 эсе аздык кылат. Негизги акы төлөнүүчү жумуштан кийин үй жумушуна арналган эмгектин ушундай көлөмүн “экинчи смена” деп коюшат.
Аялзаты кийимди үтүктөп, үй жыйнап, тамак жасагандан тартып балдарга, үйдөгү кары ата-энеге кам көргөнгө чейин ар түрдүү үй ишин жасагандыктан анын эмгегинин так акысын баалап чыгуу кыйынчылыкты жаратат. Эсеп үчүн кыргызстандыктын орточо айлыгы алынган. Бирок жасалуучу иштин ар түрдүүлүгүн жана көлөмүн эске алсак аялзатынын чыныгы эмгек акысы бул суммадан кыйла жогору болушу мүмкүн
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, кыргызстандыктын бир айдагы 176 иш сааты үчүн орточо айлык акысы 29 912 сомду түзөт. Ушул санга таянсак, бир сааттын орточо ставкасы 29 912 сом/176 саат = 170 сомду түзөт.
Эми, аялзатынын 145 сааттык үй жумушу үчүн ал канча алышы керектигин аныктоо максатында бир сааттык орточо ставканы иш сааттарына көбөйтөбүз. Ошентип: 169.9 сом/саатына * 145 саат = 24 650 сом.
Демек, берилген орточо эмгек баасы боюнча аялзаты үй жумушу үчүн айына 24 650 сом алышы керек болот.
23.5 млрд сом – бул Кыргызстандагы аялзатынын төлөнбөгөн эмгегинин минималдуу көлөмү.
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 956 миң аялзаты иштейт. Ошондо 2023-жылдын май айында эле бардык аялзаты биригип келип 138.6 млн саатты же 17.3 млн жумуш күнүн үй жумушуна арнаган болот. Баарын кошкондо ушул эмгек үчүн 23.6 млрд сом төлөнүшү керек.
А эгерде аялзатынын үй жумушунун орточо рыноктук баасын алсак, эмне болот?
Аялзаты үйдө жасаган ишти башка бирөөнү жалдап жасатса болоорун эске алсак, ал жумушту бөлүштүрүп, анын баасын өз-өзүнчө эсептеп чыксак да болот. Мисалы, балдарга кам көрүүнү няняга, үй жыйноону жана кир жууну – үй кызматчысына, тамак аш жасоону – ашпозчуга ж.б. тапшырса болот.
Эсеп үчүн биз lalafo.kg сайтындагы орток бааларды алдык. Мисалы, 35 чарчы метр үйдү тазалап жыйноо орточо алганда 1000 сом, ал эми генералдык тазалап жыйноо 3000 сом турат. Эгер түшкү жана кечки тамактарды жасай турган ашпозчуну жалдай турган болсоңор анын эмгек акысы айына 25000 сом түзүшү мүмкүн. Андан сырткары балдарга кам көрүү үчүн саатына 200 сомдон төлөө керек болот.
Үйдү 1-2 күндө бир жыйнап тазалап, ал эми айына 2 жолу генералдык жыйнап тазалоону өткөрүп туруу керек экенин, күндө тамак аш жасап, няняны жалдап туруу да керек экенин эске алсак, бу кызматтардын бардыгына айына 55000 сом төлөө керек болот.
Эскерте кетсек, биз башка дагы дүкөнгө барып продуктыларды сатып алуу, идиш аякты, кирди жуу сыяктуу адатынча аялзаты кылган көптөгөн майда-барат үй иштерин эсепке алган жокпуз. Андан сырткары аялзаты үй иштерин пландоого тийиштүү “үчүнчү смена” деп атоого мүмкүн болгон “эмоционалдык жүктү” да көтөрүп келишет. Алар – балдардын билим алуусун пландаштыруу, чогуу бир жакка чогуу чыгып эс алып келүүнү уюштуруу, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, үйгө керектүү ири жана майда сатып алууларды кылуу, коммуналдык маселелерди чечүү ж.б.
Дүйнө жүзү боюнча аялзаты эркектерге караганда үй жумуштарын көп кылат
Дүйнөдөгү төлөнбөгөн иштин төрттөн үч бөлүгүн аялзаты кылат, ага өтө көп убактыларын бөлүшөт: күнүнө 11 млрд саат.
"Экинчи смена" аялзатына жашоонун башка өңүтүнө көбүрөөк көңүл бурганга жолтоо болот
Улутстаткомдун убакыттын бөлүштүрүлүшү боюнча берген маалыматтарына ылайык, аялзаты эркектерге караганда эс алууга, билим алууга жана негизги жумушуна бир саатка азыраак убакыт коротушат.
Бул алардын жумуш тандоосуна да таасир этет, анткени алар үйгө жакын, көп күндүк командировкалары аз болгон жумуштарды тандашат. Аялзатынын айлыгы да эркектердин айлыгынан айырмаланып турат. Аялзаты эркектерге караганда 25%га азыраак айлык акы алышат.
Кыргызстанда эркектер декреттик эргүүгө чыга алышабы?
Эмгек кодексинин 137-беренеси боюнча, баланын атасы балага кам көрүү үчүн толугу менен же бөлүп-бөлүп эргүүгө чыга алат. Бирок эркектердин бул мүмкүнчүлүктү колдонгондугу боюнча расмий статистикалык маалыматтар жок. 2016-жылы Кыргызстанда жетекчилик кызматтагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү декреттик эргүүлөргө чыккан учурлары болгон, бул аларга кызмат орундарын сактап калганга мүмкүнчүлүк берген.
Жакырчылыкты жоюу жаатында иш алып барган эл аралык Oxfam уюму аялзатынын абалы боюнча изилдөө жарыялаган. Отчетто көптөгөн өлкөлөрдөгү аялзатынын эмгек акысын төлөөдөгү жана акы төлөнбөгөн эмгек милдеттериндеги теңсиздик белгиленген. Дүйнө боюнча орточо алганда аялзатынын эмгек акысы эркектерге караганда 23%га азыраак.
Изилдөөчүлөр ошондой эле дүйнө боюнча аялзатынын акы төлөнбөгөн эмгегинин баасын эсептеп чыгып, ал жылына $10 трлн түзөөрүн аныкташкан. Бул дүйнөлүк ички дүң продукциянын 13%ын түзөт.