Бийликти жактаган саясат талдоочулар кантип жаралат: Бир эксперттин жана мамлекеттик сайттын мисалында айтып беребиз
Facebook коомдук баракчасынын колдонуучусу Замир Абдыкадыров президенттин администрациясы сунуштап жаткан ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталган жана “агенттик калп айтпаса жана фактыларды бурмалабаса, анда ал эч нерседен коркпой эле койсо болот”.
Коомдук тармактагы пикирин толук келтиребиз:
Анын коомдук тармактагы билдирүүсүн “Кабар” Кыргыз Улуттук маалыматтык агенттиги (“Кабар” КУМА) өз сайтында жарыялаган. Мамлекеттик ЖМК Абдыкадыровду “саясат таануучу жана коомдук ишмер” деп тааныштырган.
Factcheck.kg редакциясы анын мисалында Кыргызстандын маалымат талаасында бийликтин кадамдарын кубаттаган саясат таануучулар кантип жараларын аныктап чыкты.
Эксперт тууралуу эмне билебиз
Абдыкадыров Замир Бараталыевич – 37 жаштагы ишкер. Беш коммерциялык компанияда, эки коомдук фонддо жана бир коомдук бирикмеде (osoo.kg маалыматтар базасы боюнча) үлүштөрү болгону менен ал тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) базасында жок.
Ал эми 2021-жылдагы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо учурунда “Кыргызстан прогрессивдүү жаштар партиясынын” (КПЖП) лидери болуп туруп, ал талапкерлердин тизмегинде өзүн “жумушсуз” деп көрсөткөн.
Ачык булактарда Замир Абдыкадыров тууралуу маалыматтар аз. Бирок анын акыркы жылдардагы саясий көз карашындагы өзгөрүүлөрдү байкасак болот.
Мисалы, анын КПЖП партиясы 2018-жылы негизделген болчу. Бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордун алдында (анын жыйынтыгында бийлик алмашуу болгон, – ред. түш.) саясатта ал “Чоң Казат” партиясынын өкүлү катары белгилүү болгон.
Анын ысмын ошондогу шайлоодогу “Чоң Казаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан да, талапкерлердин тизмгенинен да табууга мүмкүн эмес. Бирок шайлоонун алдында анын партиясы жана дагы үч партия “Чоң Казатка” кошулганы белгилүү, ал эми өзүн болсо Абдыкадыров бардык жерде “Чоң Казаттын” өкүлү катары тааныштырып келген.
Анан калса, Абдыкадыров шайлоонун алдында “Чоң Казат”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Реформа” оппозициялык партиялар шайлоо күнү биригип, шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар жана шайлоочуларды сатып алуулар боюнча мониторинг жүргүзүү ниети бар экенин билдирген. Партиялар тилектештик тууралуу меморандумга кол коюшкан.
Саясий кызыкчылыктын өзгөрүшү
Замира Абдыкадыровдун Facebook коомдук тармагындагы барагы боюнча анын ар башка жылдардагы саясий кызыкчылыктарына байкоо жүргүзсө болот. Мисалы, 2017-жылдан 2021-жылга чейин ал постторду дээрлик жазган эмес. 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгү аны такыр кызыктырбагандай элес калтырат, бирок, биз мурда жазгандай, ал ошол кездеги шайлоо өнөктүгүнүн активдүү катышуучусу болгон. Өлкөдөгү бийлик алмашуу жана андан кийин өткөн президенттик шайлоо тууралуу эч нерсе билдирген эмес.
Бирок 2021-жылдагы кайра шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук барактагы активдүүлүгү кайра өскөн. Ишкер Чыңгыз Макешовду жана анын “Келечек-Будущее” партиясын колдогон посттор менен жигердүү бөлүшө баштаган. Биз 20га жакын постту таптык (айрымдары кайталанат), алардын арасында “Келечекти” колдогон жана Клара Сооронкулова менен “Реформа” партиясын сындаган посттор бар.
Чыңгыз Макешовду колдогон айрым посттор
Ал эми 2022-жылдын февралында ал өз барагында Свердлов району боюнча кайра шайлоодо өз талапкерлигин көрсөткөн Эльнура Алкановага колдоо көрсөтө баштаган. Ал 30га жакын Алканованын макалаларын жана анын шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу жаңылыктар менен бөлүшкөн.
Эльнура Алканованы колдогон айрым посттор
Жакында эле “Чоң Казатка” “Реформа” партиясы менен чогуу кошулган “Бүтүн Кыргызстан” партиясын да көз жаздымда калтырган эмес. 2022-жылдын соңунда “Кабар” маалыматтык агенттиги анын пикирин “Эксперт Мадумаров тууралуу: Бул жигит чоң саясатка кайтып келем десе, Каркыраны кайтарып берсин” деген аталышта жарыялаган.
Саясат талдоочу карьерасы
Factcheck.kg сайтынын журналисттери Замир Абдыкадыров тууралуу интернеттеги маалыматтарды талдап чыгып, 2020-жылга чейин анын саясий ишердүүлүгү тууралуу эч бир маалымат болбогонун аныкташты. Бир гана 2015-жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” сайты “Аракет” дискуссиялык клубунун “Кыргызстандын табигый таштары. Мүмкүнчүлүктөр жана экспорт” деген темадагы жолугушуусу тууралуу жаңылык жарыялаган. Анда жаш ишкер (макалада ал ушинтип аталган) жолугушуунун спикери болгон.
Замир Абдыкадыровду саясат талдоочу деп мамлекеттик “Кабар” басылмасы атай баштаган. Болгондо да акыркы жарым жылда, 2022-жылдын аягынан бери гана. Башында “Кабар” аны Прогрессивдүү жаштар партиясынын лидери катары тааныштырып келген, бирок анын пикирлери келтирилген төрт жаңылыктан кийин ал саясат талдоочуга айланган.
Абдыкадыровдун пикирлери келтирилген жаңылыктардын аталыштарынан анын саясий көз карашын так аныктаса болот. Белгилей кетсек, “Кабар” агенттигинен башка бир дагы ЖМК андан саясий талдоочу катары пикир албайт. Интернеттен Today.kg сайты өзүндө кайра жарыялаган “Вечерний Бишкек” гезитинин бир гана материалы табылды.
Абдыкадыровдун “жакшы пикирлеринин” негизинде “Кабар” даярдаган макалалардын айрым аталыштарын келтиребиз:
- Эксперт курултай тууралуу: Элдик курултай карапайым элдин маанайын жана муктаждыктарын чагылдырат
- Курултай элге жаңы лидерлерди сунуштап, чың жарандык коомду түзүүгө мүмкүнчүлүк берет
- Эксперт курултай тууралуу: Элдин демилгеси ылдый жактан чыкканда — бул чыныгы демократия болуп эсептелет
- Ачык сүйлөшүү жана ачык талкуу. Чыныгы демократия ушинтип курчуйт – эксперт
- “Кабар” МАБ. Курултай бийликтин вертикалын солкулдатты. Натыйжасында, министрлер кыймылдай башташты (бул материалда Абдыкадыровдукунан сырткары башка да пикирлер келтирилген)
- Эксперт: ЕАЭБ – экономикалык туруктуулуктун, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугунун гаранты болуп саналат
- Саясат талдоочу: Президенттин командасы коррупция менен катуу күрөшөт.
Ал эми булар “Кабарда” жарыяланган бийликтин демилгелерин колдогон “”терс маанайдагы пикирлери”:
- “Кабар” МАБ. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам. Маалыматтык коопсуздук – бул эгемендүүлүк
- Эксперт Мадумаров тууралуу: Бул жигит чоң саясатка кайтып келем десе, Каркыраны кайтарып берсин
- Массалык баш аламандыктарды даярдоого байланыштуу иш. Тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишип, сотко басым көрсөтүү жарабайт
- Кайра жалган иликтөө. Президенттин басма сөз кызматы кезектеги калптын бетин ачты
- Эксперт мамдептин билдирүүсү тууралуу: Сөз эркиндиги деген эмне экенин бизге үйрөтпөй эле коюшса.
Бардыгы болуп “Кабар” 2022-жылдын соңунан бери агенттиктин жеке саясий талдоочусунун пикирлери келтирилген 30дан ашык материалды жарыялаган.
Тыянак: “Кабар” агенттигинен сырткары айрым гана басылмалар, анын ичинде “Вечерний Бишкек” гезити гана (анын макаласын Today.kg сайты өзүндө кайра жарыялаган) Замир Абдыкадыровду саясат талдоочу деп эсептейт. Ал ушинтип аталган башка ЖМКлардын аз сандагы материалдары адатынча “Кабардан” алынып жарыяланган материалдар болуп саналат. Башка бир дагы ЖМК ага саясат талдоочу катары кайрылбайт.