“Биримдиктен” мандатка ээ болбой, “Ата Мекендин” тизмеги менен депутат болгон Аманованын бизнеси

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште жаңы эл өкүлү Бурун Аманова ант берди. Ал “Ата Мекен” партиясынын тизмегинен мандатка ээ болду. Аманова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынын курамында аттанган.

Жаңы эл өкүлү бизнес менен алектенип, кайрымдуулук кылары белгилүү. Анын фирмаларынын арасында казынага миллиондогон салык төлөгөн “Небесные горы”  жана кыргыз-орус ишканасы болгон “Прогресс Плюс” ЖЧКсы бар.  

Аманованын бизнеси

Англиялык “The Celestial Mountains Tour Company” ЖЧКсы “Небесные горы” туристтик компаниясы Кыргызстанда 1997-жылдан тарта иш алып барат. Ал аты айтып тургандай эле туризм жаатында кызмат көрсөтүп келет. 2011-жылдан 2020-жылга чейин бул фирма казынага 34.7 млн сом салык төлөп, бюджеттен 1.35 млн сом алганы белгилүү. 

Документтерге ылайык, Бурун Аманова бул компанияны 2018-жылдан тарта гана колго алган.  Ага чейин компания төмөнкү адамдарга таандык эле: 

  • Иен Клейтор – бизнесмен,  кыргызстандык туроператорлордун ассоциациясынын мурдагы президенти;
  • Шей Дамира Аскарбековна. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат жок;
  • Тимоти Стюарт Брук Анмак. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Аманованын экинчи фирмасы — 2015-жылы негизделген “Прогресс Плюс” ЖЧКсы. Эл өкүлү бул фирманын жалгыз негиздөөчүсү жана директору катары көрсөтүлгөн.

Аталган фирма мейманканаларды иштетет, анын Бишкекте бир нече мекемеси бар. Эки фирманын юридикалык даректери башка болгону менен, чынында Бишкекте бир эле жерде — Абдумомунов, 229 дареги боюнча жайгашкан. 

Үчүнкү аракет

Бурун Аманова  “Ата Мекен” партиясынын тизмегинен Жогорку Кеңештеги мандатка ээ болуп отурат. Бирок ал 2020-жылы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынын курамында, номур 20-болуп аттанган эле. 5-6 октябрдагы окуялардан кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бурун Аманова 2015-жылы да шайлоого аттанган. Ал “Ата Мекен” партиясынын тизмегинде 24-орунда болгон. Партия болгону 11 мандатка ээ болуп, Аманованын эл өкүлү болом деген аракети ишке ашпай калган.

Ал эми өткөн аптада ал 2015-жылдан тарта “Ата Мекен” партиясынан “Биримдикке” кетпегендей эле мандатка ээ болуп отурат.

Кошумча маалымат

Эске салсак, мамлекеттик кызматка ээ болгондон кийин, бизнес ээси аны ишенимдүү башкарууга өткөрүп бериши керек же мамлекеттик кызматта иштеп жатып, ишканаларды уюштуруучулардын тизмесинен толугу менен чыгып кетиши керек. Аманова мыйзамды бузбоо үчүн бул процедурадан өтүшү керек болот.

Эске салсак, быйыл парламенттик шайлоо кайрадан өткөрүлөрү пландаштырылууда. Жетинчи созывга “Ата Мекен” жана “Биримдик” партиясынын талапкери келер-келбеси азырынча белгисиз.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамда эмне деп жазылган

20-беренеде мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы кызматта жүргөн убагында акцияларды, башка баалуу кагаздарды (катышуу үлүшүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталындагы пайларды) ишенимдүү башкарууга берүү менен аларга ээлик кылууга укуктуу деп белгиленет.

22-беренеде кызматчы мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында тура албайт деп айтылат.