Кытайдын премьер-министри мечитке барып, намаз окудубу? Текшеребиз

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде костюмчан эки кишинин мечитке барып намаз окуганы тууралуу видео тарады.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/26323a045590ebcaa2b9ad2afaf3af9a06403d79.jpeg

Тасмага төмөнкүдөй мүнөздөмө берилет:

«Куранды котормокчу болгон Кытайдын  премьер-министри мечитке барып Аллага сыйынды. Анын айтымында бул коронавирустан сактануунун жападан жалгыз ыкмасы, Машаллах».

Factcheck.kg тасманы текшерип көрүп, анын алгачкы булагын аныктады.

  1. Алгач Yandex издөө системасынан Кытайдын өкмөт башчысын табабыз. Чынында ал адам тасмадагы каарман эмес экенине ынандык.

https://factcheck.kg/froala/uploads/0485279272c4e221aedef42401eba82a342070fb.png

2013-жылдан тарта Кытайда премьер-министрлик кызматты Ли Кэцян аркалап келген.

Ал эми «биздин каарман» ага таптакыр окшобойт:

https://factcheck.kg/froala/uploads/cd66825153bb00b8d22db0866e4f219c2e6ff7ac.png

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/2e4cda124a564137e5b31aa002d2e067efaf4386.png

 

2. Тасмадан бир кадр алып, Yandex сүрөт (картинки) сервисине жүктөйбүз:

https://factcheck.kg/froala/uploads/806505f19f388e23fa636814be9b65b2856de208.png

Жыйынтыгында AP Archive аттуу маалымат агенттигинин YouTube каналын табабыз. Каналга 2,23 млн колдонуучу катталган. Тасманын аталышы төмөнкүдөй: «Премьер-министр борбордогу мечитке барды».

Видео 2015-жылдын 21-июлунда жүктөлгөн. 

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/2eed131cfca44a151a20c9f79c0f7d6f4c30e335.png

https://factcheck.kg/froala/uploads/65ab85c87b1a23aad1ff2df185252b140bbdda0f.png

Окуя мындайча баяндалат: Малайзия премьер-министри Абдулла Ахмад Бадави Кытайга беш күндүк сапар менен барды. Сапардын экинчи күнү ал Нан Ся По мечитине кайрылып, жума намаз окуду. Аталган мечит Цин династиясынын тушунда курулуп, Кытайдын эң байыркы мечиттерине кирет. Бадави имам Чжан Ван Чун менен жолугуп, 10 мүнөттөй сүйлөштү. Эки тарап бири-бирине белектерин ыйгарды. […] Кытай менен Малайзиянын ымаласы жалпысынан жакшы.

Маалымат агенттиги тасмага мүнөздөмө берген соң, жаңылыктын өзүнө да шилтеме берген.

Мындан тышкары, тасма каарманы Абдулла Ахмад Бадави тууралуу маалыматты башка булактардан текшерип «тасма каарманы» дал ушул адам экенине ынанабыз.

https://factcheck.kg/froala/uploads/441c1cf6b0c7a39588d93664ae542fdbdfef61ac.png

Жыйынтык: Кытай өлкөсүнүн премьер-министри коронавирустан сактануу үчүн мечитке барып намаз окуганы тууралуу маалымат – жалган. Тасма 2015-жылы жарыяланган. Анда  Малайзиянын экс-премьер-министри Абдулла Ахмад Бадави Кытайга болгон сапарында тартылган.