Клара Сооронкулова, “Реформа”: КЭДП кандидаты ботаникалык бакчаны жок кылууну сунуштаган

1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты болуп өттү.  Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.

«Реформа» партиясын жетектеген Клара Сооронкулова Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын өкүлү Уланбек Азыгалиев Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп турган мезгилде ботаникалык бакчаны жок кылууну сунуштаган деп билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүп, Уланбек Азыгалиев 2019-жылдын 22-февралында Каракөл көчөсүн кеңейтүү максатында  ботаникалык бакчанын бир бөлүгүн жок кылууну сунуштаганын аныктады. Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп турган Азыгалиев бул сунушун «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында киргизген.

Эске салсак, Уланбек Азыгалиев  Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын тизмегинде номур жетинчи болуп Бишкек шаардык кеңешке аттанган.

Жыйынтык: чындык.