Чакан фактчек. Том Хэнкс коронавируска кабылды

Америкалык атактуу актер жана режиссер Том Хэнкс коронавируска кабылгандыгы жөнүндө ЖМКларда айтылды. Бул тууралуу актер социалдык тармактарда жарыялаган.

Буга чейин Интернет айдыңында Джеки Чандын коронавирус дартына кабылгандыгы тууралуу маалымат жайылып, текшере келгенде, фейк болуп чыккан.

Factcheck.kg Том Хэнкстин жана анын жубайынын атактуу дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты электен өткөрдү.

Дүйнөлү ЖМКлар жаңылыкты 12 мартта жазып чыккан.

“Америкалык актер Том Хэнкс жана анын жубайы Рита Уилсон коронавирусту Австралиядан жуктурду”, – деп актердун Twitter аккаунтуна шилтеме берип, россиялык “Ведомости” басылмасы билдирген.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f7ee0ae6324b5bec0dab187e27345232d9b6cb24.png?resize=640%2C325&ssl=1

Чынында, маалыматтын алгачкы булагы Twitter эмес, актердун Instagram баракчасы болуп саналат. Хэнкс мындай деп жазган: “Эл-журт, салам. Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз суукка урунгандай болуп турабыз, бүткүл денебиз ооруп, өзүбүздү начар сезип атабыз. Ританын температурасы маал-маалы менен көтөрүлүп атат. Баарын туура кылуу үчүн биз коронавируска тешкерилгени келдик. Тест оң жыйынтык берди”.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3e32d7faa116993d28287255e8e036d14db463d3.png?resize=640%2C476&ssl=1

Актер мындан ары да текшерилерин жана талап кылынган убакка чейин изоляцияда болуусун кошумчалаган.

“Биз жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз. Сак болуңуздар! Хэнкс”, – деп билдриген ал.

Жыйынтык:

Тома Хэнкстин жана анын жубайынын коронавируска кабылгандыгы тууралуу маалымат – чындык.