Украинада мерт болгон орусиялык аскерлердин жакындарына 11 миң рубль төлөнөбү? Текшеребиз

Орусия Украинада каза болгон орусиялык аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 11 миң рублдан төлөп берери тууралуу маалымат украиналык ЖМКларда жана Telegram каналдарда жарыяланды. Маалыматта Украинанын Жогорку Радасына шилтеме берилген. 

 

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Жогорку Рада эмне дейт? 

“Украинанын Жогорку Радасы” аттуу Telegram каналында Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада курман болгон орусиялык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык компенсация төлөп берүү боюнча чечим кабыл алганы айтылган. Компенсация суммасы 11 миң рубль деп көрсөтүлгөн. Каналдын 300 миңден ашуун катталуучусу бар жана канал верификациядан өткөн.  Башкача айтканда, аккаунт Украинанын Жогорку Радасынын расмий каналы.

Орусиянын расмий маалыматы кандай?

Орусиянын Коргоо министрлиги 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинанын, Донецк Элдик Республикасынын жана Луганск Эл Республикасынын аймагындагы “атайын аскердик операциянын” катышуучуларына федералдык бюджеттен 5,01 миллиард рубль жумшоону сунуштаган. Алар согуштун ардагерлери макамын жана “Ардагерлер жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык төлөмдөрдү алышат. Жаңы мыйзам долбоору шашылыш түрдө 28-февралда жарыяланган. Бирок мыйзам долбоорунда каза болгондорго төлөнүүчү компенсациянын өлчөмү айтылган эмес.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Украинадагы жоготуулар тууралуу маалыматты жакынкы убакка чейин жашырып келгенин эске алсак,  компенсацияны жарыялоо логикага сыйбайт.

27-февралда гана Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков Украинаны демилитаризация и денацификация кылуу боюнча аскердик операциянын натыйжасында орус тараптан каза болгондор жана жарадар болгондор болгонун моюнга алды.

Украина тарап каза болгон аскерлердин жакындарына канча каражат төлөп берет? 

Жогорку Раданын ошол эле каналында украин өкмөтү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 15 миллион гривен (Украинанын Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң долларга жакын) төлөп берүүнү чечкени айтылган. Фронттогу жоокерлерге айына 100 миң гривенди (Украинанын Улуттук банкынын курсу боюнча 3,4 миң доллар) акчалай төлөмдөрү түзөт.

Бул суммалар тууралуу 28-февралда брифинг учурунда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль да үн каткан

Белгилей кетсек, Украинанын Коргоо министрлиги орус аскерлерине багынып берүүнү жана мунапыс алууну гана эмес, ар бирине 5 миллион рублдан алууну сунуштаган. Бул үчүн дүйнөлүк IT индустриясынын лидерлери акча чогултушууда. 

Жыйынтык: жалган. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада каза болгон орусиялык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө 11 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн билдирген эмес.