Кубатбек Алымбеков, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”: “Биз жаңы кадрларды тандайбыз, эскилерин жок кылабыз” – жалган

Бүгүн, 25 ноябрда, коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта “Улуттар биримдиги”, “Улуу-Журт”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” жана “Эл Умүтү” партиясынын өкүлдөрү беттешти. 

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиянын” өкүлү Кубатбек Алымбеков партиянын программасында эски кадрлардан айрылуу туурауу жазылганын билдирди.  Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

16 пункттан турган партиянын программасы БШКнын сайтында жайгаштырылган. Алардын ичинен бир гана укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу кыйыр түрдө аткаминерлерди алмаштыруу жөнүндө айтылат. Калган 15 пунктта люстрация каралган эмес.

Жыйынтык: жалган.  “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынын” шайлоо программасында “эски” чиновниктерди люстрациялоо же алмаштыруу тууралуу сөз жок.