600 млн долларлык мунай заттын дайыны кайда?

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлардын көмүскө импорту көп жыдан бери курч бойдон калууда. Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын баамында көмүскө импорттун көлөмү 25%га чейин жетип, бюджетке 3 млрд сомго чейин зыян алып келет.

Faktcheck.kg өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстан жыл сайын өлкөгө ташылып келчү күйүүчү жана майлоочу майдын көлөмүн жасалма түрдө төмөндөтүп атканын аныктады.  Акыркы беш жыл ичинде эле өлкөгө алынып келген нефть продуктуларынын анык көлөмү менен расмий көлөмүндө бир нече тонна айырма табылган. 

Биз Trademap аттуу эл аралык соода статистикасынын маалымат базасына саресеп салып, анын Кыргызстандын расмий маалыматынан айырмаланарын аныктадык.

Белгилей кетсек, биз №2710 позициясындагы чийки заттардан тышкары, битумдуу тектерден алынган мунай жана мунай продуктулары боюнча маалыматты текшердик. 

Кыргызстанга келген бардык мунайдын 80%ы Россиядан алынат.

Trademap базасынын маалыматына ылайык, 2015-жылдан 2019-жылга чейин Россия Кыргызстанга 6 млн тонна күйүүчү жана майлоочу майды экспорттогон. Ал эми Кыргызстан 4,7 млн тонна алганы тууралуу маалымдайт дагы, 1,3 млн тоннанын  же дээрлик 575 млн  долларлык (50 млрд сом) мунайдын дайыны белгисиз бойдон калат.

Ошол эле учурда, Казакстандан алынган мунайзатты салыштырсак, Кыргызстандын расмий статистикасы тескеринче жогору.  Кыргызстан коңшу өлкөнүн экспорттук маалыматтарына салыштырмалуу ашыкча бааланган импорттук маалыматтарды көрсөтөт. Эки базанын айырмасы 118 миң тонна, 2015-2019-жылдарга карата  95 миллион долларды түзөт. 

Кыргызстан мунайды бир гана чет жактан сатып албастан, башка өлкөлөргө да экспорттогону белгилүү болду. Ал Түркия, Тажикстан, Өзбекистан, Кытай жана кайрадан Россия өлкөлөрү. Бирок Trademap маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдүн айрымы таптакыр Кыргызстандан мунай алган эмес болсо, айрымы Кыргызстан расмий түрдө көрсөткөндөн кыйла аз алган. 

Faktchek.kg бул материалда айтылган маалыматты териштирүү өтүнүчү  менен бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинен Бажы кызматына расмий түрдө кайрылат.