Данияр ИСАНОВ: Жаманга жар салсаң, жамандык кетпейт башыңан

Журналистиканын негизги максаты – элдин калың катмарына туура маалымат жеткирүү. Бирок анын агартуучулук вазийпасы да өтө маанилүү. Тилекке каршы, улуттук каналдын айрым программаларын эске албаганда, кыргыз медиасында руханий баалуулуктарга үндөп, аудиториянын жаш-карысына карабай кызыгуу жарата алган, көзгө толумдуу, терең маңыздуу агартуучулук багыттагы көрсөтүүлөр, авторлор саналуу эле. Алардын бири –  дүйнөдөгү улуу инсандар, маанилүү тарыхый окуялар тууралуу “Закымга айланган замандар” деген жалпы аталыш алдында телеберүүлөрдү, даректүү тасмаларды, публицистикалык чыгармаларды, эсселерди даярдап келаткан белгилүү журналист, жазуучу Данияр ИСАНОВ. Биз аны менен журналистиканын ушул маанилүү багыты жөнүндө маектештик.

Данияр Исановдун кыскача өмүр таржымалы

Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин 1996-жылы аяктаган.

1996-жылдан 1998-жылга чейин Түркияда Эге университетинде аспирантурада окуган.

Андан кийин Талас педагогикалык институтунда кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп эки жыл иштеген.

2000-2004-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде катардагы кызматкер болгон.

2005-жылы НТС телеканалына сынак аркылуу жаңылыктардын диктору болуп орношкон.

Кийин бир катар ЖМКларда, анын ичинде “Жаңы агым” гезитинде, “Пирамида”, “Бешинчи канал” телеканалдарында иштеген.

Учурда УТРКга караштуу “Кыргыз радиосунда” “ДАБАН” автордук уктуруусун даярдоо менен катар Дооронбек Садырбаев атындагы “Кыргызтелефильмде” эмгектенет.

Улуу инсандар, тарыхый окуялар тууралуу 80ге жакын көрсөтүүнү даярдаган.

Болот Бейшеналиев туурасында китептин, “Ата-Журт”, “Закымга айланган замандар”, “Күндүзү күйгөн чырак” деген эсселер жана публицистикалык макалалар жыйнактарынын автору.

– Биз сени, негизинен, журналист катары тааныйбыз. Бирок кесибиң боюнча адабиятчы турбайсыңбы? Журналистикага кантип келип калдың?

– Экинчи класстан баштап мен телевизордо, радиодо дикторлордун үнүнө абдан маани берчүмүн. Ошол кездеги Сатыбалды Жээнбеков, Жолдубай Кайыпов, Жеңишбек Ашымов, Чоробек Мамырканов, Зулпукор Абдубачаев, Бактыбек Мамытов, Тамара Алсеитова, Гүлшан Молдоева жана башка дикторлордун үнүн угуп, кийин мен да ушул инсандардай диктордук кесипти аркаласам деп кыялданчумун. Радиодо жаңырган дикторлордун үнү, ар бир уктуруулар, ыр-күүлөр мага чыгармачылык шык беришти.

2005-жылы жаңы ачылган НТС телеканалына конкурстун негизинде жаңылыктардын диктору катары өтүп калдым.

Данияр Исанов, НТС телеканалынын жаңылыктарынын алып баруучусу

Ал эми гезитте жарыяланган алгачкы эмгегим – “Бишкек шамы” гезитинде 1992-жылдын 2-ноябрында жарык көргөн чакан философиялык ой толгоом болгон. Анда ички кайрыкта өмүр, өлүм, сүйүү, убакыт жана Рыспай Абдыкадыров тууралуу ойлор камтылган эле.

Негизи кыргызга кызмат кылган же болбосо ысымы дүйнөдө атагы аалам жарган инсандардын чыгармачылыгына көбүрөөк кызыгам, анан тарыхый окуяларга басым жасайм. Залкар инсандарды даңазалоону же жасаган эмгектерин кийинки муунга жеткирүүнү башкы планга коюп, азганакай эмгек жасоону максат кылып алгам. Ошолордун бардыгын окуп, көпкө чейин көкүрөктө сактап, бышырып, качан гана кагазга түшө турган болгондо гана жазууга отурам.

2002-жылы Болот Бейшеналиев туурасында документалдуу очерк түрүндөгү китебим жарык көргөн. Ал киши менен бир жарым жылдардай ээрчишип жүрүп калгам. Ортодо 2005-жылы Калмурат Рыскулов жөнүндө “Сары чемодан” деген эссем чыкты. Андан кийин 2010-жылы “Ата-Журт” деген чакан эсселер жыйнагым жарык көрдү. Ошол эле жылы “Закымга айланган замандар” деген публицистикалык макалалар жыйнагым жарыяланды. 2012-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта “Жаңы агым” гезитинде, “Пирамида” телеканалында иштедим. Бир катар макалалар жарыяланды. Бирок ошол макалалар бүгүн окулуп, эртең жоголо турган макалалар эмес, алар менин китебиме да кирди, кайра “Закымга айланган замандар” көрсөтүүмө өзүнчө документалдуу очерк катары да эфирден элге тартууланды. 2016-жылы “Күндүзү күйгөн чырак” аттуу эсселер, портретке штрихтер, публицистикалар жыйнагым ошол кезде КРнын президентине караштуу Улуттук Тил комиссиясын жетектеген акын, маркум Эгемберди Эрматовдун колдоосу менен жарык көрдү.

– Китебиңдин аталашындай “Закымга айланган замандарды” элге алып чыгууда, эфирге даярдоого кандайча келип калдың?

– Ой деле болгон эмес. 2015-жылы мен “Пирамида” телеканалында жаңылыктардын диктору болуп иштеп жүргөм. Ошол жылы Кытайга журналисттердин тобу менен барып калдым. Кыргызстандык топто “Бешинчи каналдан” Дмитрий Ложников да бар болчу. Ал жакта экөөбүз чыгармачылык тууралуу көп сүйлөшүп калдык, анткени Дмитрий кесиби боюнча актер, чыгармачылыкка кызыгат. Кайсы бир жолу ошол Кытайдагы кечте актёрлор жөнүндө, тарыхый окуялар жөнүндө баяндап, ушул өңдүү көрсөтүүлөр эфирге чыкса деп калсам, жакшы болот эле деп ойлонуп калган. Көрсө, Дмитрий да ошондой көрсөтүүлөр “Бешинчи каналда” болсо деп кыялданып жүрүптүр.

Арадан 3-4 ай өткөндө мени каналдын жетекчиси Евгения Бердникова чакырып калды. Дмитрий Ложников мен тууралуу айтып берсе керек. Көрсөтүүлөр ошентип даярдала баштады. Тексттеримдин бир тобу мурда китепке жарыялангандыктан архивдик видеоматериалдарды чогултуп, топтоп оператор-монтажёрум Александр Гареев экөөбүз эфирге чыгара баштадык. Көрсөтүүлөрдү даярдоо иши ары кызыктуу. Ары машакаттуу. Канчалык убайымга салса да, чыгармачылыктан ырахат алып, башта пландаган нерседен тыш жаңы идеялар келсе эргип эмгектен көңүл толкуйт. Эсимде, алгачкы чыгарылыштарым чалгынчы Рихард Зорге, анан Чарли Чаплин, Акира Куросава, Брюс Ли, Высоцкий, Халхин Гол согушу, Сталинград салгылашы тууралуу эле. 7 айда 60тай көрсөтүү элге кайра-кайра кайталанып эфирге кетсе, 2019-жылы каналды таланттуу журналист Эрнис Кыязов жетектеп турганда ал да колдоого алып, кайрадан “Закымга айланган замандар” берүүсүнө Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Рыспай Абдыкадыров ж.б. даярдалып элге жеткирилди.

Кээ бирлер “сен жакшы которуп жатасың” деп айтышат. Жок, бул котормо эмес. Бул окуп чыгып, сиңирип, ошону менен жашап, кайра өзүңдүн дүйнөңөн өткөрүп, өз ыкмаң менен элге жеткирүү.

КРдын эмгек сиңирген артисти, композитор Рыспай Абдыкадыровго арналган “Закымга айланган замандар” көрсөтүүсү

– Башкача айтканда, каналдын жетекчилиги тарабынан “бул темада жаса, бул темада жасаба” деген көрсөтүүлөр болгон эмес. Бардыгы сенин каалооңо гана жараша болгон, туурабы?

– Ооба, алар эмнеге кызыгаарымды билишет да. “Көрсөтүү ачасыңбы?” дешкенинен, “мен ушул жазгандарымды, китептеримдеги кайра видеолоштурам, документалдуу тасмадай кылып чыгарам” деп… ошону менен ишке ашып кетти.

– Өзүң да байкап жатасың, Кыргызстандын маалыматтык талаасында саясатка байланыштуу жаңылыктар басымдуулук кылат. Биздин журналистикада сен айтып жаткан жанрдагы, темадагы, агартуучулук маңыздагы материалдарга көп көңүл бурулбай келет.

– Бул өтө өкүнүчтүү. Мен индиялык орошон ойчул Ошо Раджниш Бхагванын “Журналистика шумпай шумдукка айланат” дегенин кыргызчалап, атайын журналисттерге жугабы, жукпайбы деген ойдо жарыялап, аны гезиттерге да бергем, китебиме да киргизгем. Мына, азыр “Кыргыз радиосунда” да “Дабан” уктуруусунда жаңырды. Ошо Раджниш деле айтып атат, журналисттер саясатка эмес, руханий баалуулукка көңүл бурсак, себеби коомду оңдоп-түзөп кете тургандар – журналисттер, журналистиканын күчү чоң деп. Коомду же жарга түртөт, өлкөнү жок кылат же бар кылат деп. Акмак адамды периште кылат, периште адамды акмак кылып коет дейт. Негедир, ушуга маани бербестен, кай бир кесиптештерим утурумдук нерсеге кызыгышууда.

– Ушул жерден суроо туулат да, эмне үчүн медиада ушул багыттагы материалдар аз? Коомдун мындай материалдарга муктаждыгы аз болгону үчүнбү? Же ушул темадагы материалдарды жасай турган журналисттердин жоктугунанбы? Же алардын билиминин тайыздыгынанбы?

– Муну мындай деп түшүнсөк болот, биз советтик мезгилде төрөлдүк, тарбияландык, агардык, көгөрдүк… Ал мезгил бизди соцреализмдин негизинде руханий баалуулукка үндөгөнгө аракет кылды. Чынчыл болгула, ак ниет болгула, адал болгула, уурдабагыла, тонобогула деп. Кийин эле заман момундай аңтар-теңтер түшүп, мен эле байысам, мен эле жесем деген түшүнүк келди. Анан союз талкалангандан кийин эмне кылаарын билбей канчалары жок болуп кетти – окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, өзгөчө театр ишмерлери, жазуучулар, акындар. Канчасы кейиштүү тагдырга кабылды… Турмуштун оорчулугун көтөрө албай көптөрү ичип кетти, айрымдары асылып өлдү.

Бир гана жакшы жери – эркин ойлонууга, билүүгө жетиштик. Азыр каалаган темабызды жазабыз. Бул чоң бакыт! Бирок ошону менен бирге эле эркиндик деп адамзатка, жалпы окурмандарга, коомго жаман-жакшыны ылгабай туруп, ушуну жакшы окуйт экен деп эле мыкаачылыкка тарбиялай турган нерселерди, үрөй учурган нерселерди таңуулай баштадык. Жаман нерсеге жар сала берсең, акыры ошол өз башыңа келет, тагдырыңа таасир этет.

Элде агартуучулук маңыздагы материалдарга муктаждык бар. Кечке эле саясатты окуй берип, 30 жылдан бери саясатташып бүттүк. Биз өзүбүздүн ички дүйнөбүзгө үңүлүп көрүшүбүз кажет. Руханий баалуулукка маани берели. Асыл сезимге оролуп, ажайып кооз картиналарды жараталы. Мобул киргилт чалган коомду ыпылас түшүнүктөрдөн арылтып, ыйык сезимге жар салалы! Мындан ары да ушул кебетебиз менен кете берсек, аягы кейиштүү… Мерез, сезими сенек, баарына кайдыгер, эртеңки күн менен иши жок, Ата Мекен, улут деген түшүнүктөрдөн куру жалак калган муун өсүп чыкпасын десек, тез арада чечкиндүү аракеттерге барып, агартуучулукту алдыңкы планга коёлу.

– Сен иштеген темада жаңыдан чыгып жаткан журналисттерге, алардын программаларына көз салып турасыңбы? Андай журналисттер барбы? Бул эми, биринчи кезекте, жеке менчик каналдар тууралуу сөз болуп жатат, анткени НТРК өзүнүн максаты боюнча андай программаларды даярдап турушу керек.

– Мен смартфондон, ютубдан, башка соц тармактардан видеолорду көрбөгөнгө аракет кылам. Телеканалдардын берүүлөрүн телевизордон гана көргөндө ырахат алам. Белгилүү орусиялык жана эл аралык телеканалдардын даректүү тасмаларын көргөндү жактырам. Андан тышкары, кыргыз телекананалдарын карап, байкап турам. Айрымдары жакпайт, ачык эле айтыш керек. Айрымдарын дагы иштеп чыгыш керек. Же кайсы бир адамдын өмүр таржымалын интернеттен алып эле окуп коюшат. Биринчи кезекте, текстке маани берилсе. Текст көрүүчүнүн жүрөгүн туйлатып, сезимин козгоп, көңүлүн көкөлөтүшү шарт. Көрсөтүүлөрдөн адамдар эстетикалык ырахат алганда гана журналисттин эмгегинин акыбети кайтат.

Кызыгып кайрылгандар бар… Калемди мындай кармап, мындай жазат деп үйрөтө албайбыз да!? Биринчи кезекте, зор ынтаа, кесипке карата чексиз сүйүү, бай фантазия, талыкпаган мээнет, китепке болгон умтулуу, эч кимди туурабай өз жолуңду таба билүү, изденүү керек! Мына ушулар маанилүү…

– Азыр “окурман кайда болсо, журналист дагы ошол жерде болушу керек” деген түшүнүк бар. Ал эми азыркы заман – Интернеттин, коомдук тармактардын заманы. Агартуучулук маанайдагы материалдарыңды коомдук тармактарга жайылтууга аракет кылдыңбы?

– Ютубка айда-жылда бир “Закымга айланган замандар” же документалдуу тасмаларымды жайгаштырып калам. Өзүмдүн каналым бар. Көрүүлөрдүн саны анчалык деле көп эмес. Кээ бирлерин 80 киши эле көрөт. Кээде 30 көрүүчү. Буга эч өкүнбөйм. Бирок ошол 80 кишинин 8 кишиси же отузунан үчү гана терең түшүнүп, терең кабыл алса, мен бактылуумун!

Бир мезгил келет, руханий жактан азыктаналы, табитти көтөрөлү, билимге ээ бололу, эстетикалык ырахат алалы деп керемет чыгармаларды зарыга күтүп, угуп, көрүп, аалам алптары болгон эчендеген философтордун накыл кептерин көөнгө түйгөн, адабий китептерге, философтордун кептерине сүңгүгөн коом өсүп чыгат. Жеңил-желпиден адам акылы өсүп, бай маданиятка ээ боло албасын аңдаган күн алыс эмес! Анткени, көрпай-шөрпайы, көрдүйнөсү, мансабы менен мактанган коомдун өмүрү өтө кыска экенин көкүрөгү тунук жарандарыбыз жакшы эле баамдап калышты…