Фейк жаңылыктары заманбап дүйнөдө – массалык психоздун куралыбы?..

Жалган маалыматтын айынан дүрбөлөңгө же психозго алдырбоо үчүн эмне кылуу керек? Кыргызстанда «фейктердин» бетин ачуучу – factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров Ц-1ге интервью берди.

Болот Темиров; Ачык булактардан алынган сүрөт

– Алгач  «фейк» деген эмне, аны кантип аныктаса болот, ошону чечмелеп албайлыбы.

– «Фейк»  – бул  жалган маалымат, бирок дайыма эле жаңылыктар басылмасында жарыяланган материал болуусу ажеп эмес. Бул провокациялык фотосүрөт, аудиожазуу же видео болушу мүмкүн. Ал коомдо эмоциялардын толкунун жаратат. Абдан активдүү талкууга алынып, көбүнчө чектен да ашкан учурлар болот…

Мени мындай жаңылыктын бетин ачууга түрткөн бул кыргызстандык сулуулар ханышасына байланышкан окуя болду(кыргызстандык Сусанна Егорян 2017-жылы республикалык  сулуулар сынагында финалдык турда «Армения» деп жазылган лентаны тагынып алганы Кыргызстанда көпчүлүктүн  нааразылыгын  жана түшүнбөстүгүн  жараткан. – Ц-1). Ошол учурда кайсы бир армяндык сайт кыргыздар тууралуу жагымсыз маалыматтарды жазып чыккан. Баары ушул материалга реакция жасап талкуулап башташты. Ошентип кыргыздар менен армяндардын ортосунда улуттук кастыкты козутушту. Расмий армяндык сайт ушундай маалыматтарды жарыялайбы деп, мен башында эле шектене баштагам, анан текшерүүгө алдым… Он мүнөттөй убактым кетти. Такташтыргандан кийин бул сайт псевдоармяндык сайт болуп чыкты. Ал эми «фейк» Азербайжандан чыккандыгы аныкталды. Биз ошондо айыпсыз эле Карабах конфликтинин курмандыгы болуп калдык.

Ошол окуядан кийин мен «фейк» маалыматтарынын бетин ачуу маанилүү экендигин – адамдарга калп деп далилдеп берүү  керек экендигин түшүндүм.  Эч качан жарыялангандын баарын эле чындык деп эсептей бербеш керек. Мен Фейсбуктан баракча ачып, бош убактыларымда жалган маалыматтардын үстүнөн иштей баштадым. Кийин «фактчекинг» хоббим жумушума айанды. Азыр бүт дүйнө жүзү боюнча – фактчекинг журналистиканын жаңы багыты катары таанылган. Биз factcheck.kg сайтын ишке киргиздик.

– Кыргызстанда дагы кандай жаңылыктар чоң резонанс жаратты эле?

– Мен өткөн жылы баракча ачкандан кийин армяндык сайтка байланыштуу окуядан кийин эмне жазам? Кийинки жумада эмне болот? «Фейк» чыкпай калсачы, деп ар нерсени ойлоно баштадым. Бирок көп өтпөй эле, Мьянма боюнча тема кызуу көтөрүлө баштады(2017-жылы Мьянмада буддисттер менен мусулмандар ортосунда кагылышуу болгон.- Ц-1). Ошол учурда «фейктер» жаадырыла баштады. Биздин жарандар эмоцияга алдырып катуу талкуулашты. Мен «фейктердин» бетин ачууга үлгүрбөй жаттым.

Бир аз мурда Кыргызстанда менингит тууралуу тажикстандык бир сайт жазып чыкты. Ал тургай бул материалына Елена Баялинованын интервьюсун да келтиришиптир(Елена  Баялинова – КР саламаттыкты сактоо министрлигинин  маалымат катчысы. – Ц-1). Анан андай интервью берилбегендиги билинип, Кыргызстанда менингит оорусунан эки бала чарчабагандыгы аныкталды. Мындай окуялар айсбергдин чокусу эле. Күнүгө жасаган мониторингдин жыйынтыгында 5-6 «фейк» чыгат. Окурмандар дагы  What’sАpp же башка тиркемелер аркылуу жиберип жатышат.

 «Фейк» жаңылыгынын бир мисалы; скрин

«Фейктер» дайыма конфликттин негизинде пайда болот. Мисал катары Украинада, Сирияда конфликт бар. Мындан тышкары дин, улут аралык конфликт болот. Саясат ичиндеги конфликттер да бар. Армения боюнча окуя Кыргызстандын маалымат мейкиндигине да таасирин тийгизет деп ойлогон эмесмин.

– «Фейкти» жайылткандардын  негизги максаты кандай?

–  Кыргызстанда  кандайдыр бир максаттарды көздөгөн «фейктер» бар. Тажик сайты менен менингит тууралуу окуяны дагы бир жолу эске салсак, мында максат бирөө гана болгон. Ал -Кыргызстандын аудиториясын сайтка тартуу.  Биз атайын онлайн-картадан байкаганыбызда Кыргызстандагы менингит тууралуу маалыматка чейин биздин өлкөдөн сайтка киргендер болгон эмес. Бир гана Тажикстан жана Англиядан, анан аз-аздан Казакстан менен Өзбекстандан да киргендер бар экен.  Эки күндөн кийин тажикстандык сайтка максималдуу түрдө Кыргызстандан жана Россиядан кирген колдонуучулардын саны ашып түштү. Бул учурда «фейк» маалыматы жаңы эле пайда болгон сайтка кирүүчүлөрдүн санын көбөйтүп берди. Мен бирок муну сыймык катары көрбөйм.

Экинчи себеп – бул кызыкчылык. Эки тарап бар. Мисалы, саясий дейли. Азыркы тапта биздин өлкөдө маалымат мейкиндигинде экс-президенттин жана учурдагы мамлекет башчынын командалары тирешип жатышат.  Албетте мындай убакта «фейк» маалыматтары да өз ролун  жакшы ойноп берет.

Дагы бир окуяны эске салалы, мисалы июнь окуясы… Бир нече сайт Атамбаевдин убагында бир нече тик учак Африкага  сатылып кете жаздаганын жазып чыгышкан. Кийинчерээк тик учактар сатылмак турсун, ижарага берүү тууралуу келишимдин ишке ашпай калгандыгы аныкталды.  Тик учактар  Кыргызстандын аймагынан эч жакка учкан эмес. Муну далилдөө үчүн биз спутниктин Google картасын пайдаландык.

«Фейк»

Кийинки тарап: мисалы азыркы президенттин маалымат кызматкерине «фейк» баштыгын колуна карматып коюшкан(мындай баштыктарды кыргыздардын тойлорунда беришет. – Ц-1). Мунун артынан флешмоб тарады: президенттин аялы, ал тургай Дональд Трампка дагы той баштыгы «ыйгарылды». Башында протоколго туура келбеген ишти жасап жатат деп, кызматкерди гана жаман көрсөтөйүн деген аракет эле.

–  «Фейк» жана жалган маалыматтардын бетин ачууда, аларды өз сайттарында  жарыялаган ЖМК менен мамилелериңер бузулуп калат, деп ойлобойсуңарбы?

– Бизде көбүнчө ушактар жарыяланат. Аларды текшерген аябай кыйын. Бул жергиликтүү прессанын колорити. Гезиттерде көптөгөн макалалар бирөөдөн алынган маалымат-ушактын негизинде жазылат. Мындай убакта жөнөкөй эле журналистиканын ыкма-жолдорун колдонобуз жана биринчи булагын таап текшергенге аракет жасайбыз.

Мындан тышкары, мен калп маалыматтардын бетин ачып жатып бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп жатпагандыгымды элге тушундүү кыйын. Армян сулуусу тууралуу «фейк» үчүн мага азербайжандыктар таарынган эле. Ошондой эле абалга дин тууралуу тема үчүн да туш болгом. Саясий чөйрөдө да тиги же бул жактын кызыкчылыгын коргоп жатасың дешет.

Ал эми ЖМК тууралуу айта кетсем, мен башында эле кызматташууну сунуш кылам. Авторитеттүү басылмалар контентинин так жана объективдүү маалыматтардан турушуна өздөрү кызыкдар. Биз калп маалыматтардын бетин чогуу ачабыз. Кызматташуу менен биз маалымат мейкиндигин мындай негативдүү көрүнүштөрдөн тазалашыбыз керек.

– Заманбап турмушта маалыматты колдоно билген, дүйнөнү башкара алат, деген кеп бар. Ошондо «фейктин» авторлору бул согушта ким болуп эсептелет?

– Мүмкүн, артиллеристтер. Бул деген пропаганда жана манипуляциянын эң эле  күчтүү куралы. Массалык талкалоонун куралы. Жөнөкөй маалыматтар адамдардын жашоосунда мынчалык таасир калтырбайт. «Фейктер» адамды шок кылат, башкача айтканда эмоциясын козгойт. Азыркы учурда бир топ өлкөлөрдө «фейк» олуттуу проблемага айланып, президенттердин деңгээлинде талкууланып жатат. Кыргызстанда калп маалыматтар менен күрөшүү кеч башталса дагы, калкты манипуляция жана пропагандалардан коргоо үчүн керектүү курал катары пайдаланып кетебиз деп ишенем.

«Фейк»

– «Фейкти» кантип аныктоого болот?

– Биринчи кезекте ар бир адам маалыматты сын, шектенүү менен кабыл алууну үйрөнүшү керек. Кээде мен өзүм да калптын кайырмагына илинип калам. Мисалы, биздин экс-президент айылдын тургунун мазактады деген маалыматты окудум. Экс-президентибиздин темпераменттүү экендигин билип, бул маалыматка ишенип алгам. Кийинчерээк бул «фейк» экенин билдим.

«Фейктер» да жөн жерден эле чыга калбайт. Мисалыменингит тууралуу «фейкти» алалы. Ошол кезде менингит оорусу Казакстанда тарап жаткан, андыктан Кыргызстанда да абал окшош болушу мүмкүн эле. Алгач шектенүүнү жаратпаган жаңылык деле аягында жүз пайыз калп болуп чыгышы ыктымал.

«Фейк» жаңылыктарын аныктоо ыкмалары. Болот Темировдон кеңеш:

  1. Ар бир маалыматты сын, шектенүү менен кабыл алуу керек.  Негизи «фейк» – бул абсурддун чегиндеги жаңылык. Мисалы, беш буттуу ит тууралууимиштиалалы. Ал эми саясий «фейк» болсо, маалымат көбүнчө бир тараптуу берилет.
  1. «Фейк» жаңылыктарынын 50 пайызын Google издөө системасы менен беш мүнөттө текшерип бетин ачса болот. Аталышын, «фейк» сөзүн кошуп жазып издесе эле, буга чейин бирөө чын-төгүнүн текшерген болсо, бул маалымат чыгат.
  1. Жаңылык жарыяланган сайттын дарек сабына көз чаптыруу керек. Эгерде сайт белгисиз болсо жана дагы түшүнүксүз тамгалардан турса, анда бул маалымат 99 пайыз «фейк».
  1. Даталарына көңүл буруу керек. Жаңы конфликттерди жаратуу үчүн көбүнчө чын эле болгон, бирок эскирген маалыматтарды пайдаланышат.
  1. «Фотофейкти» жаңыртылган Google-Chrome браузеринде баскычтын оң кнопкасын басып, «сүрөттү  Googleдан табуу» дегенди тандап аныктаса болот. Сүрөттүн биринчи булагын, датасын, тартылган жеринен бери биле аласыз.
  1. Видеонун чын-төгүнүн билүү үчүн YouTube data viewer тиркемесин колдонуңуз. Видео фрагменттерге бөлүнүп, ар бир сүрөт боюнча издөө жүргүзүлөт.
  1. Социалдык тармакта фейк аккаунту ким үчүн иштеп жатканын билүүүчүн stalkscan.com сайтынан аныктаса болот. Жазган маалыматтарынан, кимдин материалдарына «лайк» басты, комментарий эмне деп жазгандыгын бүткөрө аласыз. Профилге байланыштуу ушул маалыматтар менен эле ал эмнеге кызыгаарын, эмне менен алектенээрин билесиз.

Андрей Назаров –  Ц-1дин Кыргызстандагы кабарчысы