Мамытов-Матраимов көмүскө достугу

Factcheck.kg редакциясынын башкы редактору Болот Темиров менен иликтөөчү журналист Али Токтакунов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана Бажы кызматынын мурдагы экс-жетекчиси Райымбек Матраимовдун көмүскө достугу тууралуу иликтөө жарыялады. Бул иликтөөнүн тексти төмөндө өзгөрүүсүз берилет.

Райымбек Матраимов коррупционер экенин биз далилдедик. Эл, 5-октябрдан кийин бийликке келген Садыр Жапаров, АКШ баштаган эл аралык коомчулук коррупционер деп тааныды. Жада калса Райымбек Матраимов өзү дагы коррупционер экенин моюнга алып, уурдаган акчасын толук болбосо да кайтара баштады. Бирок учурда өлкөнүн эки тизгин бир чылбырын кармап турган Талант Мамытов гана Матраимов тууралуу ооз ачпай келет. Ал Эмнеге? Ортодо кандай байланыштары бар?

Садыр Жапаров бийликти колго алары менен дароо журналисттик иликтөөнү эске алып, баягы өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор боюнча Райымбек Матраимовду негизги шектүү катары атаган:

“Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимов жана башка схемалуу коррупцияны түзүп, элдин ырыскысын тоногондорду катаал жаза менен жоопко тартабыз” деген эле Жапаров элге кайрылуусунда.

Аз өтпөй УКМК Матраимов Бажы тармагында жакын адамдары менен бирге коррупциялык схема түзгөнүн жарыялаган. Райымбек Матраимов муну мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болду. Туура, ал мындан алда канча көп сумма төгүшү керек жана кармалып кое берилиши чоң күмөн жаратат. Бирок ал өзүнчө маселе. Башкысы анын жемкор экени далилгендигинде. Ошентип аз күн мурда анын аты дүйнөгө дагы таанылды.

9-декабрда АКШ Райымбек Матраимовду “бажыдан жүздөгөн миллион доллар мыйзамсыз тапкан”, “Кыргызстандан 700 млн долларды адалдаган схемага тиешеси бар”, “коррупционер” деп тааныды. Оор кылмыш жасагандар, коррупционерлер жана мафиозилерди киргизген “Магнитский акты” аттуу тизмесине кошту. Эми Матраимовго АКШ виза бербейт, аймагындагы банк эсептерин, мүлкүн камакка алат, аны менен алака-катыш жүргүзүүгө өз жарандарына тыюу салат.
Бул чынында кыргыз бийлиги үчүн чоң белек. Анткени АКШнын кара тизмесиндеги адамдарды АКШ менен мамилеси бар өлкөлөр да кылмышкер катары таанышы, кабыл алышы ыктымал. Демек, “Магнитский тизмесин” бетке кармап, кыргыз бийлиги Матраимов уурдап кеткендерин бекиткен Бириккен Араб Эмираттары, Евробиримдик жана башка өлкөлөргө кайрылып, миллиондорду кайтарып алууга аракет кылса болот. Ал уурдалган миллиондогон долларлар өтө кыйын абалда турган элибиз, экономикабыз үчүн азыр аба менен суудай керек.

Матраимовго мурда деле чара көрүп, казынанын акчасын кайтарса болот беле?

Албетте. Бирок мурда аны кимдер калкалап келгени баарыбызга белгилүү. Алардын бири депутат, азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов.
Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион долларды иликтеген депутаттык комиссияны жетектеп, жарым жылдан ашуун иликтөө жүргүзгөн.
УКМК баштаган бүт күч органдарын, Улуттук банкты, Бажы кызматын, журналисттерди суракка алган. Мына ушундай чексиз бийлиги бар депутаттык комиссиянын корутундусунда Райымбек Матраимовдун аты бир дагы жолу аталган эмес. Тескерисинче, мамлекеттик машина иликтөө жүргүзгөн мага каршы караөзгөй каралоо жүргүзүп, жоопкерчиликке тартууну тапшырган. Бул үчүн депутаттык комиссия Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар алган имиш деген эки күбөнүн оозеки билдирүүлөрүн бетке кармаган. Ал эки күбөсү акча алды дегенге бир дагы далил көрсөтө алышкан эмес. Тек гана өлгөн Саймаитиге шилтеме кылышып, айтканын укканбыз деп кутулушкан. Күбөлөрдүн бири ошол учурда камакта отурган мурдагы консул Эркин Сопоков болчу. Ал Кыргызстандан миллиондорду чыгарып кеткен, Ички иштер министрилиги издөөгө алган Айеркен Саймаитини Стамбулда консулдуктун Рейнж Ровер машинесинде калкалап, жашырып жүргөнү үчүн камакка алынган болчу. Депутаттык комиссия ишин жыйынтыктагандан көп өтпөй абактан чыкты.

Экинчи күбө дегени – Рустам Тиллабаевдин тек жайын текшерсек ал карасуулук, Матраимовдордун жердеши болуп чыкты.
Депутаттык комиссия, анын жетекчиси Талант Мамытов Райымбек Матраимовго чаң жугузган эмес. 700 миллион доллардын табылышына жана чыгарылып кетишине анын тиешеси жок экенин билдирген.

Иликтөөчү журналисттер ал миллиондор тууралуу көрсөткөн так, анык далилдер, пара түрүндө Матраимовдордун фондуна түшкөн жүз миңдеген долларлар тууралуу маалыматка бир дагы көңүл бурулган эмес. Мамытовдун комиссиясы эле эмес, бүтүндөй парламент дагы иликтөөдөгү негизги каарман Райымбек Матраимовдун ысмын ошондо бир ирет оозана алышкан эмес. Ал эми Али Токтакуновдун жоопкерчилигин караштырууну өкмөткө тапшырышып, ал ишке көзөмөл жүргүзүү парламенттин Кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетине жүктөлдү. Комитеттин жетекчилеринин бири – Искендер Матраимов!
Мындай ачыктан ачык бир жактуулукка эмне себеп деп ойлойсуз?

Жогорку Кеңеште иштегендердин аты-жөнү, телефон номерлери камтылган справочник бар. Анын 2019-жылдын башында жаңыланган вариантында депутат Мамытов Талантбек Турдумаматовичтин консультанты катары Сулайманов Тынчтык Сулайманович көрсөтүлгөн.

Ачык маалымат булактарынан издеп Кыргызстандан мындай аты жөнү бар бир гана адамды таптык.
Кайсы бир номерди ким кандай аталышта сактаганын таап чыккан “ГетКонтакт” тиркемеси бар. Биз Сулайманов Тынчтык Сулаймановичтики деп көрсөтүлгөн номерди Гетконтактка салдык. Натыйжада номерди кимдир бирөө “Мамытов Т Жк”, башкалары “Тынчтык Советник депутат”, “Тынча бр таможня”, “Шеф жеңе Тынчтык”, “Тынчтык кайни ш”, “Тико Тургунов”, “Тынчтык Сулайманов грепплинг” жана башка деп сактаганын биле алдык.
Ал эми Тынчтык Сулаймановду фейсбук менен инстаграмдан табыш кыйынга турган жок. Бул жигит Райымбек Матраимовдун аялы Тургунова Уулкан Сулайманованын бир тууган иниси экени анык болду.

Демек, Матраимовдун кайниси бери дегенде 2019-жылдан бери Мамытовдун жанында болуп, кеп-кеңешин берип турган. Азыр чогуу иштейби-иштебейби, белгисиз.
Мамытовдун андан мурдагы кеңешчиси Азамат Эсенжан уулу деген жигит болгон. Ал депутаттын иниси, Эсенжан Мамытовдун уулу. Сулаймановго ордун бошоткону менен Бажыдан жылуу жумшак орун ээлеп, азыр Түштүк-Батыш бажысында инспектор. Ал эми Матраимов 2017-жылы кызматтан кеткени менен Бажыны көмүскөдөн башкарып келгенин билебиз да. Бул эки факты Мамытов-Матраимов байланышы бекем экенинин далили эмеспи? Мындайда өткөн жылы Мамытов Матраимовдордун тоюнда ардактуу конок болгонун эске салуунун өзү ашыкча.

Мына ушундай чырмалышкан байланыштарды эске алып, бүтүн дүйнө коррупционер катары тааныган адамды коргогон Мамытовдун комиссиясынын иши, аны колдогон Жогорку Кеңештин токтому түп-тамырынан жокко чыгарылышы керек. Андагы материалдар кайра иликтенип, керек болсо комиссиянын ар бир мүчөсү текшерилиши зарыл.

Мына ушундан кийин Талант Мамытов убактылуу болсо да өлкөнү калыс башкара алабы? Элдин эң башкы мүдөөсүн орундатып, эл ырыскысын уурдагандарды жоопко тарта алабы? Ага моралдык укугу барбы?!

 

Булак: Али Токтакунов