Митингде Атазовду колдогондор буга чейин провокациялык акцияларга катышкан. Фактчек

15-июнда Жогорку Кеңештин алдында депутат Шайлообек Атазовго каршы митинг өттү. Акцияга чыккандар миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын парламенттин жыйынында айткан сөзүн кескин сындап, Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты. 

 

Митингге чыккандарга депутаттар Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев, Айбек Осмонов чыгып жолукту. Нааразылык акцияга Атазовду колдоп улуттук кийимдерди кийген бир нече аялдар да катышты. Биздин редакция алардын ким экенин аныктоого аракет кылды.

Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы сессиясында 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган. Бул сунуш коомчулукта кызуу талкууга алынып, сын-пикирлер айтылган. 10-июнда бир нече журналисттер Атазовго каршы пикетке чыккан.

15-июнда да активисттер парламенттин имаратанын алдында депутатка каршы митинг уюштурушту. Катышуучулар Атазовдун сунушун кыздардын эркин жүрүүсүн чектөө деп сындады. Депутат бир нече тарапташтары менен митингчилердин алдына чыгып, сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылды. Бирок катышуучулар «Атазов, мандатыңды тапшыр!» деген чакырыктарды айтып, тарап кетишти.

«Туруктуу митингчилер»

Митингди депутат тарапташтары менен улантты. Алардын арасында акцияларга байма-бай катышып келген Ыргалай Бекмуратова да бар.

Сүрөт: Азиза Бердибаева

Бекмуратова буга чейин опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган. Активист Лейлек районунун мурдагы акими Бекмурат Баймуратовдун эжеси. Анын атына «МЭЭРЖАЗЫ» коомдук бирикмеси, «Мээржазы Строй» турак-жай курулуш кооперативи катталган. Баймуратова буга чейин «Кактус медианын» жабылышын талап кылып митингге чыккандардын арасында да болгон.

Ак элечек кийген дагы бир аял буга чейин Ыргалай Бекмуратова менен биргеликте «Кактус медианын» жабылышын талап кылып митингге чыккан. 

сүрөт: Махинур Ниязова

 

«МЭЭРЖАЗЫ»  коомудук бирикмесинин Ютуб-каналында ал өзүн Салия Жолонова деп тааныштырган.

Ал «Арууке апалар» коомдук фондунун директору экени маалым болду.

Жолонова ушул жылдын 18-мартында Кыргызпатенттин Нооруз майрамына карата уюштурган кол өнөрчүлөрдүн иш-чарасына катышкан. Төмөнкү сүрөттөр Кыргызпатенттин «Фейсбук» баракчасынан алынды.

Ушул эле сүрөттөрдүн арасынан митингдин дагы бир катышуучусу — Турсунай Жаналиеваны байкоого болот.

Ал Ыргалай Бекмуратованын «Фейсбуктагы» достугунда бар.

Атазовго каршы чыккан активисттердин плакатын жырткан тарапташы — Орозбек Асеков. Ал да буга чейин «Кактус медиага» каршы митингге чыккан. Мындан тышкары 23-январда Болот Темировдун кармалышы боюнча Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өткөн нааразылык акцияга да катышып, журналисттерге каршы пикирин билдирген.

Атазовду «Фейсбукта» байма-бай колдоп жазган дагы бир тарапташы — Самат Дүмүров.

Osoo.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал «Усман-Умар»ЖЧКсынын директору.

Жыйынтык: 15-июнда Жогорку Кеңештин алдында депутат Шайлообек Атазовго колдоо көрсөткөндөр буга чейин провокациялык митингдерге катышып жүргөн.

Булак: T media