Кыргызстан дары-дармектин жана медициналык багыттагы буюмдардын импортунан 98% көз каранды. Бул тууралуу дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары Марьям Жанкорозова 2020-жылдын апрель айында Өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда билдирди.