Ооз көңдөйүндөгү сейрек дарт Алланын жазасыбы же гигиенанын жоктугубу? Текшеребиз

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде сейрек кездешүүчү жана айыкпас дартка кабылган улгайган адам тууралуу тасма тарады.

Тасма мындайча сүрөттөлөт: «Бул киши Индиядан болот экен. Ислам динин, азанды, Алланы сөгөт экен. Алдынан мусулман аял өтсө жоолугун тартып, чече салат экен. Аллах да сөккөн оозуна кетпес курт пайда кылыптыр, тазалашкан сайын кайра боло пайда боло берет экен. Алланын кудуретине караңыздар дейт. СубханАлла».

 Factcheck бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач тасмадан бир кадр алып Yandex сүрөт (Yandex картинки) сервисине жүктөйбүз. Бизге керектүү сүрөттү издеп табуу үчүн бул ресурс эң ыңгайлуу болуп саналат.

 

Тасмадан бир кадр 

Сүрөт аркылуу издөө көптөгөн маалыматка шилтемелерди берди.

Бир нече макаладарды окуган соң, бейтаптын аты Абдул Эбрахим экени белгилүү болду. Көрсө, ал 2014-жылы инсультка кабылып, сүйлөбөй, баспай калган экен.

Соцтармактарда айтылгандай, бул каарман Индиядан эмес, Түштүк Африканын чыгышан экен.

Британиялык The Sun басылмасы алгач Абдул Эбрахим бутунан жаракат алып, ооруканада жатып калганын жана ага антибиотиктерди берген соң, доктурлар үйүнө жөнөткөнүн кабарлайт.

Бир айдан кийин Абдул Эбрахимдин жараты күчөгөн. Анын буту карарып, жумшара түшкөнүн жубайы иштен келип байкаган. Бул тууралуу Абдул Эбрахимдин уулу Аззад жергиликтүү ЖМКларга кабарлаган.

Карыя кайрадан ооруканага жеткирилет жана доктурлар анын бутун ампутация кылууга мажбур болушат. Медицина кызматкерлери Аззадга карыяга кам көрүүнү убадалаган.

Ага карабай, бир нече күндөн соң, Аззад атасынын ооз көңдөйүнөн көптөгөн курттарды байкап калат.

Аззаддын айтымында, курттардын ыкчам кыймылы анын ээсин оодарган:

«Мен кыйкырып жибердим. Атама эч ким кам көрбөгөнүнө ишене алган жокмун. Доктурлар атамдын тишин да жуубаптыр. Жада калса күзөт кызматкери палатага баш баккан эмес. Атамдан чыккан жыттан улам аны өзүнчө палатага жайгаштырып тим болушкан».

Бир нече күндөн соң Аззаддын атасы дүйнөдөн кайткан.

Тиш доктурдун айтымында, ооз көңдөйүндө пайда болгон курттарга айланадагы чымындар себепкер болгон. 

Окуяны чагылдырган ЖМКлар Азаад Эбрахим доктурлардын шалаакылыганы нааразы экенин жана алар менен соттошору тууралуу жазып чыккан.

Жыйынтык: Алланын жазасы деп баса белгиленген тасмага мүнөздөмө чындыкка дал келбейт. Видеодогу карыя инсульттан кийин бутунан айрылып, гигиенаны сактабагандыктан, сейрек дартка кабылган.