Социалдык тармактарда “Талибан”* лидеринин кызы деп ар кайсы кыздар көрсөтүлүп жүрөт

Афганистанда талибдер тарабынан аялдардын укугу тебеленип, милдеттүү түрдө паранжа кийгизилген учурда “Талибан”* лидеринин кызы Швейцарияда светтик өлкөдө жашары тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.

Буга далил катары “Талибан”* жетекчиси жана анын кызынын сүрөтү тиркелип жүрөт.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүп, социалдык тармакта жайылган сүрөттө чынында “Талибан”* жетекчиси Мавлави Хайбатулла Ахундзада эмес, бул кыймылдын өкүлү Шер Мохаммад Аббас Станикзай экенин аныктады. Акыркы жылдары ал Москвада, Өзбекстанда жана Индонезияда болгон жолугушууларда талибдердин делегациясын жетектеп келген.

 

Ал эми талибдердин жетекчисинин кызы деп айтылган каарманды сүрөт аркылуу издөө аракетибиз оңунан чыккан жок.

Бирок анын чет өлкөдө билим алары тууралуу маалымат алгач 2019-жылдын 14-майында Twitter социалдык тармагында пайда болгон.

Rozina Sediqi аттуу колдонуучунун жеке баракчасында сүрөт жүктөлүп, ага “талибдердин эки жүздүүлүгү. Аббас Станикзайдын кызы чет өлкөдө окуп атса, Афганистандагы жаш балдар мектепке бара алышпайт” деген мүнөздөмө берилген. Бирок автор тиешелүү далилдерди келтирген эмес. 

Сүрөттөрдү салыштырып, анда эки башка кыз тартылганын көрсө болот.

Кызыл кийимчен кыздын сүрөтү үстүбүздөгү жылдын январь айында в YouTube хостингинде жана февраль айында hindukosh.com сайтында пайда болгон.

“Талибан”* жетекчисинин кызы деп дагы башка кыздардын да сүрөттөрү жайылып жүрөт. Эң негизгиси, анын чет өлкөдө билим аларына басым жасалган.

 

Маселен, жогорудагы сүрөттө индиялык Megha Chowdhury аттуу актриса тартылган. Ал Аббаса Станикзайдын кызы Мамалай Станикзай деп айтылган.

Ал эми Афганистандын качкын президенти Ашрафа Ганинин кызы Мариам Гани жашарын, ал сүрөтчү жана кинорежиссер экени аныкталды.

Жыйынтык: жалган. Социалдык тармакта жайылган сүрөттө талибдердин лидери Хайбатулла Ахундзада эмес, алардын өкүлү – Шер Мохаммад Аббас Станикзай тартылган. Ал эми анын кызы катары ар кайсы кыздардын сүрөттөрү тараган.

* “Талибан” – Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл.