Багыштын дарыя бетин бойлой чуркаганы оптикалык иллюзия

Социалдык тармактарда багыштын дарыя бетин бойлой чуркагандыгы тууралуу видео тарап, колдонуучуларды таң калтырып, күмөн жаратты. 

Factcheck.kg тасманын чын-төгүнүн бышыктап көрдү. 

Кереметтүү багыш тууралуу издөө салып, видео жөнүндө буга чейин the Sun жана Dailymail  сыяктуу авторитеттүү басылмалар жазып чыкканын аныктадык.  Бул агенттиктер  Кристи Панипчук аттуу колдонуучуга шилтеме берген. Ал тасманы 16-сентябрда өзүнүн Тик-Токтогу баракчасына жүктөгөн. Видео саякат учурунда Аляска дарыяларынын биринде тартылган

 The Sun басылмасы авторго шилтеме берип, видео тууралуу мындай деген: дарыянын тереңдиги 5 дюйм же 13 см болгондуктан, багыштын сууну кечип өткөнү суунун үстүн бойлой бараткандай көрүнөт.  Мындай тайыз дарыянын үстүндө сүзүү үчүн Кристи Панипчук түбү жалпак реактивдүү кыймылдаткыч менен иштеген кайыкты пайдаланган. 

Алясканын тургундары тайыз дарыялар үчүн идеалдуу болгон жалпак түптүү реактивдүү кемелерди колдонот. Бирок мындай кемелерди ачык сууда пайдалануу кооптуу.

Жыйынтык: тасма жасалма эмес. Дарыя тайыз болгондуктан,  тасмада багыш суу үстүндө чуркап бараткандай сезилет.