Садыр Жапаровдун жаңы рейтингин ЖМКлар кантип чагылдырышты? МЕДИАСЫН

2021-жылдын 25-августунда Эл аралык республикалык институт (IRI) өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал тууралуу сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.  Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары бул сурамжылоону ар тараптуу чагылдырды.

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында көз карандысыз жана мамлекеттик ЖМКлар изилдөөнүн жыйынтыгын кандай ракурста чагылдырганын текшерип көрдү.

Эске салсак, сурамжылоо 2021-жылдын июль айында өткөрүлүп, ага 18 жаштан жогору 1211 кыргызстандык катышкан. Жалпыга маалымдоо каражаттары көптөгөн суроолордун ичинен өлкө башчысы Садыр Жапаровго болгон ишенимге байланыштуу суроого көңүл бурушкан.

“Сиз кайсы саясатчыга көбүрөөк ишеним артасыз?” деген суроого респонденттерге бир нече саясатчынын ысымын айтуу мүмкүнчүлүгү берилген. Жыйынтыгында жооптордун 32%ы Садыр Жапаровго, 24%ы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ал эми 9%ы “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековго туура келген.

 

Kloop.kg басылмасынын журналисттери Эл аралык республикалык институт жазында өткөргөн мурдагы сурамжылоону да изилдеп чыгып, ага салыштырмалуу Садыр Жапаровдун рейтинги төмөндөп кеткенине көңүл бурду. Чынында эле, мурдагы сурамжылоодо өлкө башчысы респонденттердин 38% добушуна ээ болгон. Журналисттер ошондой эле УКМКнын төрагасы Ташиевге болгон ишеним рейтинги тескерисинче өскөнүн, буга чейинки сурамжылоодо Ташиев 21% добуш алса, жаңы изилдөөдө 24% добуш алганына басым жасашкан. 

 

 

 

Ал эми Kaktus.Media сайтынын журналисттери 2020-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн сурамжылоону да карап чыгышып, үч изилдөөнүн жыйынтыгын салыштырышкан. Жыйынтыгында өлкө башчынын рейтинги түшүп, Ташиевге болгон ишенимдин жогорулаганын байкашкан.

Окурмандарга түшүнүтүүрөөк болуш үчүн журналисттер макаласын графиктер менен толуктаган:

24.kg агенттигинин кабарчылары макалага “Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын болгону үчтөн бири гана ишеним артат” деген курч баштема коюшкан. Алар Жапаров менен Ташиевдин рейтингдерин салыштырбастан, 2020-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн сурамжылоодо Садыр Жапаров респонденттердин 51% добушун алганын эскерткен.

serep.kg порталынын журналисттери кесиптештеринен айырмаланып, мурдагы сурамжылоолорду изилдеп чыккан эмес. Алар баштемада Жапаров менен Ташиевдин рейтингин салыштырууга басым жасап, макалада изилдөөдө камтылган башка саясатчылардын да ысымын атаган.

BBC кыргыз кызматы “Сурамжылоо: Садыр Жапаровго ишеним деңгээли түштү” аталышында макала жарыялап, 2020-жылкы сурамжылоонун жыйынтыгын окурманга эскертишкен. Журналисттер макаласын эксперттердин комментарийлери менен толуктап, өлкө башчыга болгон ишеним деңгээлинин түшүшүнүн себебин издешкен.

“Азаттыктын” журналисттери да макаланы ушул нукта берип, макаланы ар тараптуу комментарийлер менен толуктаган. Мындан тышкары, жаңылыкта көптөгөн журналисттердин көңүл сыртында калган суроого да басым жасалган. Автор сурамжылоодо “Өлкө туура жолдо баратабы? деген суроого “жок” деп жооп бергендердин саны көбөйгөнүн белгилеген.

Ал эми мамлекеттик kabar.kg агенттигинин журналисттери буга чейинки айтылган ЖМКларда эмгектенген кесиптештеринен айырмаланып, жаңылыкты таптакыр башка ракурста чагылдырышкан. Алар мурдагы сурамжылоолорду көңүл сыртында калтырып, Садыр Жапаров башка саясатчылардан көп добуш алганына басым жасашкан. “Кабар” кызматкерлери “Сасясатчылардын ичинен кыргызстандыктар  Садыр Жапаровго ишеним артышат” деген баштема менен макала жарыялаган.