Медиасын: «Вечерний Бишкек» басылмасынын макаласында «Ансоруллоо’нун» жоочулары Кыргызстанга кол салышы мүмкүн деп айтылат

«Вечерний Бишкек» басылмасы 19-сентябрда жарыялаган макаласында коомдук тармактарга шилтеме кылып, Ооганстандагы тажиктердин «Джамаат Ансаруллах» деген жоочулар тобу Кыргызстанга чейин жол ачып берүү суранычы менен Тажикстандын бийлигине кайрылганын билдирди.

Суроо белгисин колдонгону менен материалдын атылышы катуу таасир берет: “«Ансоруллонун» жоочулары Кыргызстанга кол салунун ойлоп жатышабы?”. Бул макаланы жарыялап жатып редакция баардык жоопкерчиликти өзүнөн алгандай, анткени эч бир жерде ал “так ушундай” деген эмес.

Андан ары макалада жоочулардын жол бошотуп берүү тууралуу суранычы баяндалат: “Ооганстандагы тажиктердин «Джамаат Ансаруллах» деген жоочулар тобунун мүчөлөрү Кыргызстанга кол салуу үчүн жол ачып берүү суранычы менен Тажикстандын бийлигине кайрылды. Ооганстандагы экстремисттик уюмдун аталган кайрылуусу коомдук тармактарда пайда болгон”.

Басылманын булагы – коомдук тармактар. Бирок кайсы коомдук тармакта, качан жана ким тараптан бул кайрылуу жарыяланганын «Вечерний Бишкек» көрсөткөн эмес. Ошондой эле түпкү булакка же шилтеме, же фото-видео далилдер да жок.

Издөө кызматтарында акыркы айда «Джамаат Ансаруллах» тобунун аталышы Феликс Куловдун интервьюсунда жана сөз болуп жаткан макалада гана кездешет.

Макалада “жалпы элибиздин кенчи болуп эсептелет жана ошондуктан алар толугу менен ТР КК (Тажик Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө) өткөрүлүп берилет” делген курал-жарактардын чоң тизмеги келтирилет.

Карыпбай кызы Толгонай деген журналист (каймана ысым болушу мүмкүн) материалын жыйынтыктап жатып, такталбаган маалыматты таркатып жатканын моюнга алат:

“Чынында эле экстремисттик уюмдун мүчөлөрү ушундай кайрылуу кылыштыбы, азырынча белгисиз. Бери дегенде, Тажик ЖМКлары бул тууралуу эч нерсе жазышкан жок”.

Учурдагы курч кырдаалды жана жалган маалыматтардын чоң агымын эске алганда, «Вечерний Бишкек» басылмасынын макаласы абалды андан ары курчутуп, журналисттик этикалык нормаларынын бузулушуна жол берген.

Мамлекеттик органдардын, биринчи кезекте УКМК менен ИИМдин такталбаган маалыматты таркатуудан кармануу тууралуу суранычтарына карабай, басылма сенсация жаратууну көздөп, бул суранычтарды этибарга алган эмес. 

ЖЫЙЫНТЫК:

Ушуну менен «Вечерний Бишкек» КР журналисттеринин бир катар нормаларын бузган, алар:

1-берене: “Журналист коомдун демократиялашуу процессине, Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө тийиш”;

6-берене: Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, гендерлик, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт”;

10-берене: Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл”.

Андан сырткары макаланын автору көз жазгыруу менен пропаганданын ыкмаларын колдонгон:

Жарым-жартылай чындык – Жарым-жартылай чындык бир нече билдирүүлөрдөн турат, алардын бир бөлүгү баарына белгилүү же оңой текшерилүүчү чындык болат. Ал эми экинчи бөлүгү же бурмаланган, же маанилүү деталдары келтирилген эмес.

Коркуу, так эместик, шектенүү – Каршылаш тараптын аброюна шек келтирүү же ага ишенбөөчүлүк жаратуу максатында, ал жөнүндө терс же талаштуу/жалган маалымат таратып, аудиториянын ишенимине таасир этүү аракети. Кийинчерээк бул маалымат төгүндөлсө да, бул ыкма коомдук аң-сезимге таасирин тийгизет.

Жек көрүү – көз жазгыруунун күчтүү куралы, анткени каардуу жана ырайымсыз душман аудиториянын ага жан тартышына эч качан жете албайт. Душманды жек көрүндүү кыла алган көз жазгыруучу колдоо таба алат.

Аймактагы курч кырдаалды эске алганда, кастык тилди жана көз жазгыруу ыкмаларын камтыган ушуга окшош материалдарды жарыялоо кесипкөйлүккө жатпайт.

Factcheck.kg редакциясы кесиптештерин ушуга окшош материалдарды жарыялабоого жана сезимтал темаларды чагылдырууда өтө этият болууга, объективдүүлүк, калыстык, балансты сактоо, адамгерчилик сыяктуу журналистиканын негизги принциптерин дайым карманууга чакырат.