Тажик журналистинин чек арадагы чыр-чатактын себептери тууралуу көз жазгыруусу жана божомолдору жана да Жапаров менен Ташиевдин кандай тиешеси бар

19-сентябрда “Азия-Плюс” тажик агенттиги жарыялаган макалада Тажикстанды “баскынчы” жана “душман” катары көрсөтүү Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин гана кызыкчылыгында деп айтылат. Макаланын автору Бахманёр Надиров.

Макала Тажикстандын ТИМинин “Кыргызстан Тажикстанды “баскынчы” катары көрсөтүш үчүн ачыктан ачык жалган маалыматтарды таркатууда” деген цитатасынан башталат. Бул цитатаны жана мамлекет башчы Жапаровдун чек арачыларга кайрылуусундагы “…жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына…” деген сөздөрүн колдонуп тажик журналисти “Кыргыз жетекчилиги тышкы душмандын образын жеке саясий максатында пайдаланып, имиджин сактап калуу үчүн чек ара маселесин саясатташтырууда” деген тыянак чыгарат. Надировдун сөзү боюнча, ага жана тажик эксперттерине “бул жаңылык эмес”.

“Далил” катары автор эл аралык журналист жана чек ара чатактары боюнча адис деп эсептелген Негматулло Мирсаидовдун айткандарын колдонот. Акыркынын пикиринде болсо, “Жапаров-Ташиев” тандеминин негизги максаты – таасирдүү саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин (Кыргызстандын, –ред. түш.) аброюн түшүрүү жана өзүлөрүнүн электоратын көбөйтүү.

Мирсаидов ошондой эле чек ара чатагы кыргыз элинин улуттук-патриоттук сезимдери менен ойногонго, президент менен башкы коопсуздук кызматтын жетекчисинин рейтингин көтөрүүгө шарт түзөт деген ойдо.

Бул билдирүүдө эмне туура эмес?

Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги чыр-чатактын биринчи күнү президент Садыр Жапаров ШКУнын саммитине катышуу үчүн Самаркандга учуп кеткен болчу. Буга чейин жазганыбыздай, мамлекет башчынын администрациясы чыр-чатактын үч күнүндө тең, анын ичинде кагылышуулар эң курчуган 16-сентябрда да, үн каткан эмес. Садыр Жапаров өзү бул убакта Самарканддын тамак-ашынан даам татып, ШКУнун саммитинде достук тууралуу сөз сүйлөп жатты.

17:00дөн кийин гана Жапаровдун администрациясы эки өлкөнүн президенттери чек арадагы кырдаалды талкуулашты деген маалымат берген.

Камчыбек Ташиевден дагы эч кандай түшүндүрүүлөр болбогонун жазганбыз, бирок ал чыр-чатак чыккан күндөн баштап Баткен облусунда болгону белгилүү.

19-сентябрда КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ШКУ – өтө маанилүү эл аралык иш-чара болгондуктан президент 16-сентябрда мекенине кайтып келбегенин, бирок да “ал жактан баардык буйруктарды” берип жатканын билдирди.

Келтирилген фактылардан, ушундай жол менен президентке да, УКМКнын жетекчисине да саясий рейтингдерин көтөрүп алуусу жана электротка жагынуусу күмөн экенин байкайбыз. Ушундан соң автордун айтканы – бул божомол гана.

Эски иликтөөлөр

Андан ары автор саясий серепчи Шерали Ризоёндун Москва мамлекеттик университеттин Маалыматтык-аналитикалык борборунун сайтында жарыяланган 27-январдагы эки өлкөнү чек арасындагы жаңжалдын себептери тууралуу макаласынан сөздөрдү келтирет. Ризоёндун пикири боюча, ага Temirov Live ютуб-каналында жарыяланган УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана анын туугандары тууралуу материал себепчи болгон.

Temirov Live’дын журналисттери чынында эле 20-январда “Эки күндүн ичинде кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы” деген иликтөөнү жарыялашкан. Эки күн өтпөй эле иликтөөчү журналисттердин офисине маскачан милиционерлер тинтүү менен келишкен. Болот Темировдун өзүн болсо ал күнү камакка алышып, офистеги үнжазуучу аппаратураны жана компьютердерди алып кетишкен.

Башкача айтканда Бахманёр Надиров көз жазгыруу максатында фактылар катары мындан дээрлик сегиз ай мурун болгон окуяларды жана андан кийинки ички саясий процесстерди келтирет. Андан сырткары, иликтөө жарыяланган күндөн тартып чек арадагы атышууларга чейин бир жума убакыт өткөн, ал эми жаңжалдын өзү 27-январдын кечинде башталып 28-январда эртең менен саат 04:00дө токтогон. Бул убакта КР жана ТР чек арачылары ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кела алышкан.

Бахманердин дагы бир көз жазгыруусу – Шерали Ризоён Ташиев тууралуу иликтөө жаңжалдын жалгыз себеби катары эмес, көптөгөн себептердин бири катары гана көрсөткөн.

Автордук лирика

Макаласынын соңунда Бахманёр Надиров эмне маанилүүрөөк – ички саясий күрөшпү, же элдин кызыкчылыгыбы деген суроонун айланасында ой жүгүртөт. Ушуга окшош чыр-чатактар 2011-жылдан бери тынбай болуп жатканын, жүздөгөн адам өлүп, миңден ашык адам ар түрдүү жаракат алганын айтат.

“Ушундан соң жүйөлүү суроо жаралат: Эмне үчүн Кыргызстан келишимдерге кол коюп, анан аны өзү бузуп жатат? Эмне үчүн Кыргызстан чыр-чатакты өзү чыгарып, анан жаңжалды баштады деп дайыма Тажикстанды күнөөлөп келет? Ар дайым “тышкы душмандын” бар болушу жана курмандыктардын тизмеси узунураак болушуу кимдир бирөөнүн кызыкчылыгындабы? Анан да чындыгында эмне маанилүү – саясий күрөштө бийлик тактысын сактап калуубу же чек арада тынчтык орнотуубу?”, – деген суроолорду узатат автор.

Бул жерде автор риторикалык суроолор менен ойноп, курмандыктардын саны менен жана да чек ара чатактары 10 жылдан бери уланып келатканы менен көз жазгырууга аракет кылат.

Ошол эле кезде макаланын аталышында “Эмне учүн Жапаров менен Ташиевге Тажикстанды “баскынчы” жана “душман” катары көрсөтүү пайдалуу?” деп белгилеген макаланын негизги максатына бул бөлүктүн эч кандай тиешеси жок.

Соңунда автор учурда чек арада болуп жаткан маалыматтарды келтирет.

Тыянак: “Азия-Плюс” сайтында жарыяланган макаласында тажик журналисти Бахманёр Надиров божомолдорду жана көз жазгырууларды колдонот. Ал эми макаланын басымдуу бөлүгүнүн учурдагы окуяларга жана макаланын аталышында белгилеген темага эч кандай тиешеси жок.