Темир Сариевдин үйүнөн табылган алтын тууралуу маалымат — фейк

Темир Сариевдин үйүнөн  бир нече кап алтын табылганы тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагында пайда болду.  

Автор маалыматтын булагы катары Айкын Маматова аттуу колдонуучунун баракчасын көрсөткөн. Бирок, анын лентасында тиешелүү маалымат табылган жок.

Сүрөттү Яндекс аркылуу издегенибизде, ал BittaDarvesh аттуу өзбекстандык колдонуучунун твиттер баракчасынан табылды.  Бул колдонуучу алтындын сүрөтүн үстүбүздөгү жылдын 3-майында жүктөгөн

Мындан башка сүрөт табылган жок.

Жыйынтык: жалган. Бир нече капка салынган алтындын сүрөтүн өзбекстандык колдонуучу 2020-жылдын 3-майында твиттер баракчасына жүктөгөн. Анын Темир Сариевге тиешеси жок.