Метапневмовирус таажычан вирустан дагы коркунучтуубу? Текшеребиз

Tik-Tok коомдук тармагында метапневмовирус таажычан вирустан да коркунучтуураак деген маалымат таркатылууда. Билдирүүнүн автору Кытайда «ооруканаладын бардыгы толуп калды, ал эми вирус тез жайылып жатат» деп билдирет. Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип чыкты.
Метапневмовирус тууралуу эмне билебиз?
Адамдын метапневмовирусун биринчи жолу 2001-жылы Нидерланд окумуштуулары ачышкан, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамзат бул оору менен 1950-жылдардан бери бир нече жолу ооруп чыккан.
Бул вирус кадимки респиратордук вирус болуп саналат, ал адатта жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү жана энтигүү сыяктуу салыштырмалуу жеңил симптомдор менен коштолот. Бирок, оор учурларда, инфекция пневмонияга алып келиши мүмкүн, айрыкча ымыркайларда, улгайган кишилерде же өнөкөт оорулары бар адамдарда.
Бул оору менен ооруган адам, адатта, бир нече күн же бир жуманын ичинде сакайып кетет, бирок оор учурларда ал узакка созулушу мүмкүн. Учурда метапневмовирустун алдын алыш үчүн вакцина же дарылаш үчүн атайын дары жок.
Метапневмовирус жакын келгенде аба аркылуу же булганган жерлерди кармаганда жугат. Андыктан колуңузду бат-баттан жана жакшылап жууп, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө мурун-оозуңузду чыканагыңыз менен жаап, суук тийгендин белгилери бар адамдардан алыс болуу менен өзүңүздү коргой аласыз.
Кайсы вирус коркунчтуураак – метапневмовирусбу же таажычан вирусбу?
ДСУнун өкүлү Маргарет Харристин айтымында, метапневмовирус олуттуу коркунуч туудурбайт жана ал өлүмгө өтө сейрек учурда алып келет.
2021-жылы The Lancet Global Health журналында жарыяланган маалыматтар анын сөзүн тастыктайт.
Бардыгы:
– курч респиратордук оорулардын бардык учурларынын болжол менен 8% метапневмовирус менен шартталган;
– ооруканага жаткырылгандардын 3-10% ага байланыштуу,
– өлүмдөрдүн 1% гана ага байланыштуу.
Салыштыра кетсек, таажычан вирустан каза болгондордун көрсөткүчү 15% түзөт. ДСУнун маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан бери COVID-19 менен ооруган 760 миллиондон ашык учур катталган, анын ичинен 6,9 миллиону өлүмгө алып келген (чыныгы көрсөткүч мындан жогору болушу мүмкүн).
Кытайдын ооруканаларындагы абал кандай?
23-декабрдан 29-декабрга чейин ооруканаларда алынган респиратордук анализдердин жыйынтыгы боюнча бул вирустар респиратордук оорулардын симптомдору бар бейтаптарда аныкталган.
Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, респиратордук оорулардын активдүүлүгү аймактарга жараша болгон. Түндүк аймактарда оорулардын саны бир аз өскөн, бирок бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн бойдон калууда.
Бирок Independent’тин маалыматы боюнча, Кытайда респиратордук вирусту жуктурган учурлар көбөйүп, бул ооруканалардын толуп кетишине алып келген.
Бул вирус учурда кайсы өлкөлөрдө катталган?
Бул макала жарыяланып жаткан учурда метапневмовирус Казакстанда, Улуу Британияда, Индияда жана Украинада аныкталган.
Кыргызстанда метапневмовирустун эки учуру катталды. Мындан тышкары 210 риновирус, 259 респиратордук-сентициалдык вирусу, 105 аденовирус, 79 бокавирус, 98 парагрипп (1, 2, 3, 4-түрлөрү, негизинен 3- жана 4-түрү) катталган.
Тыянак: чындыкка жатпайт. Вирус олуттуу коркунуч туудурбайт жана анын өлүмгө алып келүү ыктымалдыгы таажычан вирустукунан кыйла төмөн.