Михаил Горбачев АКШ жарандыгын алды деген маалымат — фейк

Социалдык тармактарда Михаил Горбаев АКШ жарандыгын алды деген маалымат тарады. Мындан тышкары, Горбачевго Борбордук чалгындоо башкаруусунда (ЦРУ) кызмат өтөгөндүгү үчүн 50 миң доллар пенсия жана башка льготалар ыйгарылары  жана америкалык университеттерде сабак өтүү мүмкүнчүлүгү берилери тууралуу айтылып жүрөт.

Бул жаңылык соцтармактарда кеңири жана ыкчам тарады. Айрыкча Горбачевду АКШ бийлигине иштеген Советтер Союзунун душманы, Союздун тарашынын негизги күнөөкөрү деп эсептеген колдонуучулар арасында популярдуу болду.

Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин Factcheck.kg текшерип көрдү.

Алгач “Горбачев АКШ жарандыгын алды («горбачев получил гражданство США») деп издөө салып, бизге сатиралык сайт катары таанымал болгон  «Панорама» сайтынын 15-июнда жарык көргөн жаңылыгына туш болобуз. Дал ушул макала кийин соцтармактарга жайылып кеткен.

Factcheck.kg буга чейин «Панорама»  сайты тууралуу бир нече ирет жазып келген. Бул ресурс сатиралык экенин жашырбайт жана ар дайым тамашалуу жаңылыктарды ойдон чыгарып келет. Бирок, ага карабай айрым окурмандар  маалыматка ишенип, аны менен активдүү бөлүшүп келет.

Жыйынтык: Горбачевдун АКШ жарандыгын алгандыгы тууралуу маалымат — фейк жана «Панорама» сатиралык сайтынын кезектеги ойлоп тапканы.