Мирлан Орозбаев, “Улуу Журт”: “Күнүнө 40 жол кырсыгы катталат” – жалган

Бүгүн, 25 ноябрда, коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта  “Улуттар биримдиги”, “Улуу-Журт”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” жана “Эл Умүтү” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Улуу журт” партиясынын талапкери Мирлан Орозбаев статистикага ылайык, күнүнө 40 жол кырсыгы катталарын билдирди. Анын айтымында жаан жааган күндөрү жол кырсыгы эки эсе көбөйүп, күнүнө 80 кырсык катталып турат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылы жалпы жонунан 5995 жол кырсыгы катталган, башкача айтканда күнүнө 17 кырсык туура келет.

Жыйынтык: жалган.