Каабанын үстүнөн учактар жана куштар учалбайбы? Текшеребиз

Коомдук тармактарда Каабанын үстүнөн учууга тыюу салынган, ал эми Меккеде аэропорт жок деген маалымат таркатылууда.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул маалыматты текшерди.

Автордун маалыматы боюнча, Кааба – жердин борбору. Ал эч кандай кыйшаюусуз, деформациясыз жердин чок ортосунда жайгашкан.

“Ал тартылуу борбору болгондуктан, ал табигый түрдө магниттык заряддарды ушул жерге тартат. Ал күндүн чыгышын биринчи болуп тосуп алган жер. Ушул себептерден жана да Кааба Жердин тартылуу борбору, космикалык нурлар, жердин бетиндеги гравитация тартылып кошулган борбор, аба катмарындагы вакуумдук аймак болгондуктан. Ал магниттик тартылуу борбору болгондуктан, Каабанын үстүнөн куш менен да, учак менен да учуп өтүүгө болбойт. Илим дагы аны тастыктагандай, магиттик тартылуу үчүн учактар да куштар да Каабанын үстүнөн учуп өтө албайт”, – деп бөлүшөт автор.

Меккеде магниттык аномалиялар барбы?

Жердин магниттик талаасы анын “суюк ядросуна” байланыштуу. Париждеги Жер шарынын физикасы институтунун (IPGP) улук илимий кызматкери Жюльен Обер спутник аркылуу алынган жердин акыркы 20 жылдагы магниттик талаасы тууралуу маалыматтарды талдап чыгып, ушундай жыйынтыкка келген.

Обердин айтымында, Жерде чынында эле магниттик аномалиялар бар, бирок ал “Меккеде эч бир өзгөчөлүктү” байкаган эмес. Ошону менен бирге ал кошумчалагандай, кайсы бир жерде магниттик аномалия болгон күндө да, анын үстүнөн учактар уча алат.

“Магниттык аномалиялар учактарга жолтоо боло албайт. Алар компастын туура иштөөсүнө гана тоскоолдук жаратышы мүмкүн, бирок учактар геолокациянын заманбап системаларын колдонушат”, – дейт Обер.

Меккеде куштар барбы?

Меккеде көп сандагы көгүчкөндар бар экендиги жана алар Аль-Харам мечитине көп зыян алып келишери белгилүү. Бул тууралуу, мисалы, alarabiya.net Меккенин катчылыгына таянуу менен билдирген.

Имараттарды булгаган көгүчкөндөр менен шаардын тургундары тынымсыз күрөшүп келишет. Сан жагынан көбөйүп жаткан көгүчкөндөр Мекке шаарынын көчөлөрүндөгү жана турак-жайларындагы тазалыкка зор залакасын тийгизүүдө.

Меккенин тургундары терезелерин бекем жапканга аракет кылышат, айрымдары зыянкечтер менен күрөшкөн компанияларга кайрылып, терезелерге, чатырларына көгүчкөндөр уя салып алышпасын деп электр тогу бар түзүмдөрдү орнотуп келишет.

Улуу окумуштуулар комитетинин мүчөсү, профессор Али Абас Хакими Меккенин тургундарын көгүчкөндөргө жем бербөөгө чакырды, анын пикиринде, мындай жол менен канаттуулардын санын мечиттерде кыскартса болот.

Андан сырткары, Каабанын үстүндө учуп жүргөн куштар тартылган көптөгөн сүрөттөр бар.

Учактарга Каабанын үстүнөн учууга тыюу салынганбы?

Диний себептерге байланыштуу Сауд Аравиясындагы Меккенин үстүнөн учууга тыюу салынган. Франциянын Авиакомпаниялар учкучтарынын улуттук союзу (SNPL) билдиргендей, Сауд Аравиянын бийлиги “Каабага урмат-сый мамиленин идеологиялык себептеринен улам” учууларга тыюу салган.

Мекке мусульмандарга гана кирүүгө уруксат берилген ыйык шаар болуп эсептелет. Бул анын үстүндөгү аба мейкиндигине да тийшитүү.

Меккеде аэропорт жокпу?

Чынында, Меккенин өз аэропорту жок. Эң жакын аба порту Меккеден 89 км аралыкта жайгашкан Джидда шаарында – King Abdulaziz International (JED). Ал эл аралык аэропорт болуп саналат.

Жакындыгы боюнча андан кийинки аэропорт – Таиф. Ал дагы эл аралык жана жергиликтүү рейстерди тейлейт. Ал Меккеден 90 км аралыкта жайгашкан.

Тыянак: калп. Меккеде магниттик аномалиялар жок, Каабанын үстүнөн учуу диний себептерге байланыштуу мыйзам менен тыюу салынган. Ошондой эле шаарда көп сандагы канаттуулар бар.