13 миллион сомдук метеорит табылды

“ВКонтакте” социалдык тармагында австралиялык эки жаран металл издөөчү куралдын жардамы менен алтын издеп атып, метеорит таап алганы тууралуу маалымат пайда болду. Алар метеорит үчүн 200 миң австралиялык доллар алганы тууралуу маалымдалат. 

 

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Сүрөттүн мүнөздөмөсүндө эки достун Paul McRae жана John Miller деген ысымдары жазылган.

Бул аттар аркылуу искусство жана маданиятка арналган Google Arts and Culture аттуу ресурсту табабыз

Анда 2021-жылдын 17-мартында метеорит тууралуу жаңылык жазылган. Жаңылыктын авторлору Астралия өкмөтүнө ыраазычылык билдиргенин көрсө болот.  Маалымат өкмөттүн расмий сайтында да жарыяланган

2016-жылдын июль айында эки дос Джорджтаун жакта Квинсленддин түндүгүндө метеорит таап алган. Бир жылдан соң алар 25 килограммдык ташты өкмөткө өткөрүп беришкен. 

 

Метеорит табылган жерине жараша Джорджтаундук  деген аталышка ээ болгон. Аны тапкан эки доско 200 миң австралиялык доллар (13 миллион сом) ыйгарылган.    

Дүйнө жүзүндө касиеттери окшош болгон жалпы жонунан 6 метеорит бар. Алардын ичинен эң ириси Джорджтаундук метеорит. Окумуштуулардын айтымында анын жашы Жер планетасынын жашындай, 4 млрд жылга тете. 

 

Австралия өкмөтүнүн колдоосу менен учурда метеорит Калдыктардын жана минералдардын улуттук коллекциясында сакталган.

Жыйынтык: чындык. 2016-жылы табылган метеорит үчүн эки доско 200 миң австралиялык доллар (13 миллион сом) ыйгарылганы чын.