Күндүн укмуш тутулганыбы же бул фотомонтажбы? Текшеребиз

Жакында коомдук тармактарда Орусия менен Канаданын ортосундагы Арктикада тартылган имиш видео таркатыла баштады. 30 секундалык роликте жерге жапжакын келгендей болуп көрүнгөн ай бир нече секундага күндүн бетин жаап өтөт.
Factcheck.kg редакциясы чынында эле бул адамды таңгалтырган укмуш көрүнүшбү же фотомонтажбы, аныктап чыкты.
Скриншот боюнча издөө бул ролик алгач Twitter’де 2021-жылдын 26-майында жарыяланганын көрсөттү. Андан кийин гана ал Фейсбукта жарыяланган. Видеону #LunarEclipse2021 хештеги боюнча жеңил эле таап алса болот.
Бирок андан ары издөө көрсөткөндөй, видеонун түп нускасы алгач Тик-Токто жарыяланган экен. Анын автору aleksey__nz. Бул автордун каналынан CGI‘нин (computer-generated imagery, «компьютерде жасалган сүрөттөр») жардамы менен даярдалган көптөгөн видеолорду тапса болот.
Видео 17-майда жарыяланган, башкача айтканда 26-майда боло турган суперайдын тутулушу деп аталган окуяга чейин дагы 9 күн бар болчу.
Тыянак: видеофейк. Бул чыныгы күндүн тутулушу эмес, видеомонтаж.