Трамп грин-картанын ойнотулушун токтоткусу келеби? Текшеребиз

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп грин-карта лотереясынын (Diversity Visa Program) ойнотулушун токтотууну көздөйт деген билдирүү коомдук тармактарда таркатылып жатат. Бул лотерея ойнотулган акыркы жыл имиш.
Factcheck.kg редакциясы маалыматты текшерип чыкты.
Дональд Трамп шайлоо алдындагы сөздөрүнүн биринде чынында эле иммиграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу керектигин айткан. Ал Америкалык колледждерди аяктаган бардык чет элдик студенттерге автоматтык түрдө грин-карталарды бере турган программаны сунуштаган. Белгилей кетүүчу жагдай, бул өзү мурдагы президенттик мөөнөтүндө жогорку квалификациясы бар адистердин жана студенттердин Кошмо Штаттарга келүүсүнө киргизген чектөөлөрдү жокко чыгарып калат.
Бирок Трамптын бул сөзүнөн кийин көп өтпөй анын шайлоо кампаниясынын басма сөз катчысы Каролин Ливитт айрым тактоолорду киргизип, «текшерүү процесстери» болорун, анын негизинде «бардык коммунисттер, радикалдуу исламчылар, ХАМАСтын жактоочулары, Американы жактырбагандар жана коомдук ишмерлер» тизмектен алып салынарын, бул программа «Американын өнүгүүсүнө чоң салым кыла ала турган эң мыкты бүтүрүүчүлөргө» гана колдонула турганын айткан.
Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда грин-картага тиешелүү башка билдирүүлөрдү кылган эмес. Бирок мурдагы президенттик мөөнөтүндө Дональд Трамп грин-карта лотереясын токтотуу демилгесин көтөргөнүн эске салабыз. Ага 2017-жылкы Нью-Йорктогу теракт себепкер болгон. Аны грин-карта менен АКШга келген Сайфулло Саипов жасаган болчу.
«Бүгүн мен көп түрдүүлүк лотерея программасын токтотуу процессин баштадым. Мен Конгресстен бул программадан кутулуу боюнча ишти тез арада баштоону суранам”, – деген Трамп Ак үйдө журналисттерге.
Бул мыйзам долбоору лотереяны токтотууну, анын ордуна адамдын квалификациясына жана кесиптик көңдүмдөрүнө басым кылган системаны киргизүүнү сунуштап, АКШда иммигранттардын жалпы санын кыскартууну максат кылган. Бирок бул мыйзам долбоору кабыл алынган эмес.
Белгилей кетсек, грин-карта лотереясын токтотуш үчүн Конгресстин макулдугу керек.
Тыянак: калп. Грин-карта лотереясын токтотуу тууралуу расмий билдирүүлөр азырынча жок.
Эскерте кетсек, грин-карта лотереясынын (Diversity Visa Program) негизинд Америка Кошмо Штаттарына иммиграция деңгээли төмөн болгон өлкөлөрдүн жергиликтүү тургундарына жыл сайын 50 000 виза берилет. 2023-жылы 2846 кыргызстандык грин-карта лотереясын утуп алган.