Көз жоосун алган сүрөт Ысык-Көлдө тартылган эмес. Фактчек

Көл жээгинде чагылган менен күндүн желеси тартылган кереметтүү сүрөт социалдык тармактарда кеңири тарады. Колдонуучулар сүрөт Бостери айылында тартылганын жазышкан.

 

Factcheck.kg бул сүрөттүн алгачкы булагын текшерип көрдү.

TinEye сервиси аркылуу сүрөттү текшерсек, буга чейин ал көптөгөн сайттарга жарыяланганын көрө алабыз. Алардын алгачкысы 2021-жылдын 4- июнунда Instagram  социалдык тармагында жарык көргөн.

Сүрөттүн автору phantamos аттуу колдонуучу, фотограф кереметтүү жер Канададагы Онтарио көлүнүн Sauble Beach пляжы экенин белгилеген.

“Көңүлүмө жаккандардын бири. Мени менен ар дайым бирге болгонуңуздарга рахмат. Катталуучуларымдын саны 80 миңге жеткенде белек тарата баштайм. Кимде-ким ушул посттун алдына комментарий калтырса, алардын сүрөттөрүнө лайк басам”, – деп жазган автор. Учурда анын 75 миң катталуучусу бар.

Интернетте Sauble Beach аймагынын көптөгөн сүрөттөрүн көрсө болот. Бир караганда бул аймак Ысык-Көлдүн жээгине түспөлдөшүп кетет.

Sauble Beach, Канада

Sauble Beach, Канада

Sauble Beach, Канада

Жыйынтык: Көз жоосун алган сүрөт Бостери айылында тартылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сүрөт Канададагы Онтарио көлүнүн Sauble Beach аймагында тартылган.