“Паспорт колдо жарылды”. Орусияда жардыргыч затты жашырган диверсанттар пайда болдубу?

Кыргызстандык WhatsApp колдонуучулар отурган топтордо Орусияда диверсанттар коомдук жерлерде унутулуп калган буюмдар түрүндө (жөнтөк капчыктар, планшеттер, оюнчуктар) жардыруучу заттарды калтырып жаткандыгы тууралуу маалыматтар таратыла баштады.

Factchek.kg сайтынын редакциясы бул маалыматты текшерди.

Алгач бул маалымат Орусиянын Украина менен чектеш аймактарында гана таратыла баштаган. Курскинин WhatsApp колдонуучулары жардыруучу заттарга байланыштуу “көп бөлүшүлгөн” билдирүүлөрдү ала башташкан. Аларга ылайык, диверсанттар коомдук жерлерде чачылып жаткан телефондор, капчыктар, оюнчуктар түрүндөгү жардыруучу заттарды калтырып жатышкан. Бирок Интерфакс билдиргендей, Курск областынын администрациясы бул билдирүүлөрдү текшерип, алардагы маалыматтарды төгүндөп чыккан. Ошол эле кезде аймактагы террордук коркунучтун жогорку деңгээли 25-майга чейин узартылган болчу.

Ушуга окшош билдирүүлөр Орусиянын башка аймактарында да таратыла баштап, бир нече күндүн ичинде бүт өлкөнү камтыган жана башка өлкөлөрдө дагы таратыла баштаган. Чет өлкөлүктөр арасында таратылган билдирүүдө коркунучтун ыктымалдуулугу эскертилип, Орусиядагы жакындарын кабардар кылыш үчүн билдирүү менен бөлүшүү суранычы айтылган.

“Kursk-CITY” маалымат агенттигинин сайтында областтык администрациянын пикирине таянуу менен бул билдирүүгө төгүндөө жарыяланган. Обладминистрациянын сайтында бул маалымат жок, бирок Украина менен чектеш аймактардагы жалпы абал тууралуу пресс-релиз бар. Анда абал “тынч” экендиги айтылат. Ошону менен катар биз башка булактардан да мессенджердеги билдирүүдө келтирилген фактыларды таба алган жокпуз. Жабыр тарткандардын арыз-муңу же саламаттык сактоо мекмелеринин билдирүүлөрү да болгон эмес.

Тыянак: фейк. Орусияда билдирүүлөрдө айтылган диверсиялар, жабыр тарткандар катталган эмес. Бирок да учурдагы абал кандай болбосун, кайсы өлкөдө болбогула күмөн жараткан буюмдар менен колдонуудан сак болуп, алар тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына билдирүү керек.