Хантавирус паникасы — манипуляция. Бул вирус эпидемиологиялык коркунуч жаратпайт

1585115958_large

Кытайда жаңы «вирустан» улам өлүм катталганын Кыргызстандын жана Казакстандын бир нече сайттары жазып чыкты.  

Бүгүн Kabarlar.kg сайты «Жаңы вирус. Кытайда алгачкы өлүм катталды» деген аталышта макала жарыялады.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/b96708a18ff1e8617c313d281b88e59f3c3234e0.png

 

Ал эми казакстандык Tengrinews басылмасы «Жаңы илдет. Кытайда хантавирустан улам алгачкы өлүм катталды» деген аталышта жаңылык жазды.

Социалдык тармактарда дүрбөлөңгө түшкөн ой-пикирлер пайда болгонун көрсө болот.

https://factcheck.kg/froala/uploads/439e34aa47ea00af69e372a55f0f7bf8c56e2180.png

 

Маалыматтын алгачкы булагы — globaltimes аттуу Кытай басылмасы. Калган ЖМКлар дал ушул басылма жазган жаңылыкты жарыялаган.

Бирок, алардын көбү хантавирус бир адамдан башка адамга жукпай турганын белгилеген эмес.

TRT  сайтынан хантавирус кемирүүчүдөн адамга шилекей, заң же заара аркылуу жугаары жазылып, «хантавирус өпкө синдрому” (HPS) деп аталарын аныктадык.

 

Ошол эле Globaltimes басылмасынын айтымында, хантавирус көпчүлүк учурда эпидемиялык коркунуч жаратпайт.

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/71a238c4b90836058364087aef860ca0942b9e54.png

Ал эми Түркиянын TRT басылмасы хантавирус таптакыр эпидемияга айланбай турганын жазып чыккан.

Жыйынтык: Жартылай чындык жана манипуляция.

Айрым массалык маалымат каражаттары маанилүү маалыматты жашырып, коомду дүрбөлөңгө салган.