“Украинага кантип жардам берсе болот” деген издөө сурамы дүйнө жүзүндө гана эмес, Орусияда да популярдуу

Путиндик пропагандага ишенсек, бардык орусиялыктар Кремль баштаган “атайын операцияны” (согушту) колдошот. Ошол эле кезде кымындай каршылык көрсөтүү аракеттери катуу басылып келет, “армияны жаман көрсөтүү” үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген, ал эми активисттерге чет элдик агент статусу берилүүдө. Украинада согуш башталары менен согуш аракеттерине байланыштуу сурамдардын саны издөө кызматтарында кескин өстү. Бул сурамдар дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө, анын арасында Орусияда да байкалууда. 

Factcheck.kg редакциясы Google жана Яндекс издөө кызматтарындагы эң көп кездешкен сурамдарды текшерип чыгып, дүйнөнүн кайсы өлкөлөрү Украина менен Орусияга жардам берүүгө кызыгарын аныктады.

Google Trends кызматынын маалыматтары боюнча, “Орусияга кантип жардам берсе болот” деген сурам Орусиянын тургундарынын арасында гана көп кездешет. Ошол эле кезде “Украинага кантип жардам берсе болот” деген сурам боюнча маалыматтар менен салыштырсак, ар бир үчүнчү орусиялыкты өз мекенине караганда Украинага жардам берүү көбүрөк кызыктырарын байкайбыз.

Картадан көрүнүп тургандай, “Украинага кантип жардам берсе болот” деген сурам Украинадан сырткары Белоруста, Казакстанда, Израилде жана Польшада көп кездешет.

Англис тилиндеги сегментте да ушуга окшош көрүнүш байкалат: “how can I help Russia” деген сурам Орусия Федерациясында гана популярдуу.

Англис тилиндеги сегменттеги интернетте эл Орусияга караганда Украинага жардам берүүгө көбүрөк кызыгат. Бул сурам дүйнөнүн 21 өлкөсүндө өзгөчө популярдуу – бул өлкөлөрдө Орусияга жардам берүү тууралуу сурамдар такыр кездешпейт, бардыгы Украинага жардам берүү тууралуу. АКШда Украинага жардам берүү тууралуу сурамдардын үлүшү азыраак, бирок баары бир ал бир топ жогору – 81%.

Орусиялык издөө кызматы Яндексте да популярдуу сурамдарды көрүү боюнча аспабы бар – “Яндекс – подбор слов”. Кызматтын маалыматтары боюнча, Орусия Федерациясынын тургундары мартта “Орусияга кантип жардам берсе болот” деген сурам боюнча маалыматты 59 миң жолу издешкен, ошол эле кезде “Украинага кантип жардам берсе болот” деп 36.5 миң сурам кылышкан. Пайыздык үлүштөрүн караштырсак, “Орусияга кантип жардам берсе болот” деген сурам – 63%, ал эми “Украинага кантип жардам берсе болот” деген сурамдыкы – 37%.

 

“Украинага кантип жардам берсе болот” деген сурамдын эң көп саны Орусия Украинага кол салганына бир ай болгондо, 2022-жылдын мартында катталган – 112.5 миң сурам. Бул убакта “Орусияга кантип жардам берсе болот” деген сурам дагы эң көп катталган болчу – 153 миң сурам.