Бардыгы өзүбүздүкү. Чоң саясаттагы тууганчылык

Кыргызстандагы тууганчылык учурда талаштуу маселе болуп эсептелет. Казан шаарындагы профессор Динара Сафинанын изилдөөсү боюнча, тууганчылык чечим чыгарууда бир жактуулукка, калыс эмес мамилеге жана кесипкөйлүктү жоготууга алып келет. 

Кыргызстанда саясаттагы тууганчылыкка каршы өзүнчө мыйзам жок, ал эми “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда балдары жана жубайы сыяктуу жакын адамдарга гана байланыштуу чектөөлөр каралган.

Factcheck.kg редакциясы изилдөө жүргүзүп, аткаминерлердин арасында кандай туугандык мамилелер, саясатта тууганчылыкка негизделген кандай ири кландар бар экенин аныктаганга аракет кылды.

Төмөндө изилдөөнүн жыйынтыктары келтирилет.

Президент жана анын саясаттагы туугандары

Саясий аренада Садыр Жапаровдун жакын туугандары жок. Биз мурда аныктагандай, алар ишкерлик менен алектенишет. Бирок саясатта анын агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова байкалган. Былтыр октябрда белгилүү болгондой, ал Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.

Андан сырткары мамлекет башчынын кудалары чоң кызматтарда отурушат. Мисалы, Алмазбек Акматов. Анын таңгалычтуу карьерасы 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жапаров президент болуп шайланганда башталган. Жапаров президент болуп шайланганына бир ай болгондо эле 2021-жылдын январында Акматов Эсептөө палатасынын жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси болчу.

Акматовдун уулу 31 жаштагы Туратбек Шаршембиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүндө эксперт болуп иштейт. Ал Кыргыз Улуттук университеттин юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн 2-курсунда окуйт. Бул кызматка чейин ал каякта иштегенин ачык булактардан аныктаганга мүмкүнчүлүк болбоду.

Турусбек Түмөнбаев – учурда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишкананын жетекчиси. Ал Садыр Жапаровдун жездесинин (эжесинин күйөөсүнүн) бир тууганы болуп эсептелет. Мурда ал “Унаа” мамлекеттик мекемесин жетектеген, бирок Турусбек Түмөнбаевдин кызы Айгерим Тогузбаева катышкан жарым миллиард сомдук тендерге байланыштуу чатактан кийин бул кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Жарым жыл өтпөй жаңы кызматка отурган – “Бишкекасфальтсервисти” жетектей баштаган.

“Чыгышэлектронун” жетекчисинин орун басары Айдар Адылбеков, “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Азамат Шаршенбиев, КРдин ИИМинин жетекчиси Улан Ниязбеков – Садыр Жапаровдун кудалары. Белгилей кетсек, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков жана мамлекет башчы жакында эле, 2022-жылдын декабрында кудалашышкан. Укук коргоо органынын жетекчисинин кызы мамлекет башчынын жакын тууганына турмушка чыккан.

Министрлер кабинетиндеги туугандык байланыштар

Министрлер кабинетиндеги эң ири кландардын бири Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү. Анын бир тууганы иниси Рахатбек Жапаров Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын орун басары болуп эмгектенет. Ага чейин ал көп жыл (2014-2020) ИИМдин жана ЖАМКтын Финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Октябрь окуяларынан кийин дароо (16-октябрда) ЖАМКтын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Акылбек Жапаровдун кудасы Нурбек Алимов чоң кызматта отурат. Ал Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчиси. Анын карьерасы да 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин жогору кеткен. Болгону бир жылдын аралыгында ал бажылык тариздөө борборунун инспекторунан Бажы кызматынын ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу кызматына чейин көтөрүлгөн.

Акылбек Жапаровдун кудасы Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри. 2018-жылдан 2022-жылга чейин ал Экономика мининстринин орун басары болгон.

ЖКдагы туугандык байланыштар

Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында Дастан Жумабековдун туугандары эң көп болуп саналат. Бардыгы болуп анын беш бир тууганы бар.

Туугандарынын арасынан эң белгилүүсү Сабырбек Жумабеков. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун экс-директору. Учурда ал Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын жетекчиси. Анын уулу Салмоорбек Жумабеков 2021-жылдын апрелинде УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармаганга катышкандыгы белгилүү. Ошол эле кезде анын энеси Роза Жумабекова Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова менен болжолдуу түрдө Дубайда чогуу эс алгандары белгилүү болгон.

Дастан Жумабековдун башка бир тууган агасы Эстебек Жумабеков Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. Дагы бир тууган иниси Замирбек Жумабеков Ош облусунун Өзгөн районунун прокрурору, ал эми Алмазбек Жумабеков – Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси, милициянын полковниги.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

Экс-бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн өкүлдөрүнүн бир тобу жогорку кызматтарда отурган, бирок бир катар чуулгандуу иликтөөлөрдөн жана митингдерден кийин алардын айрымдары кызматтарынан кетишкен. Маселен, Исламбек Матраимов, ал мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болгон. Райымбек Матраимовдун ишмердүүлүгүн текшерүү так ушул органга жүктөлгөн болчу.

Башка бир тууган агасы Искендер Матраимов өз карьерасын уланткан, учурда ал Жогорку Кеңештин депутаты. Анын уулу Мирланбек Исмаилов дагы жогорку кызматты ээлейт. 33 жашында ал аткаминер болуп, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча өкүлчүлүгүн жетектейт.

24.kg сайтынын маалыматы боюнча, Райымбек Матраимовдун дагы бир тууган агасы Тилек Матраимов бир жыл мурун (2022-жылдын мартында) “Ошгаздын” жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал сегиз жыл өлкөдөгү эң ири райондордун бири – Кара-Суу районунун акими болгон. Октябрь окуяларынан бир аз мурда ден соолугун байланыштуу эргүүгө кеткен, бирок 2020-жылдын 7-октябрында кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өтүп бара жеткен жеринен камакка алынган. Башында түштүк борбордун соту аны тергөө иштери жүргөн убакытка деп бир айга камакка алуу чечимин чыгарган, бирок кийинчирээк аны үй камагына чыгарып койгон. Сот аны 220 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга жыккан.

Мураталиевдердин үй-бүлөсү

Марат Мураталиев – редакциябыздын версиясы боюнча учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында бизнес ишканаларынын саны боюнча лидер болуп эсептелет, ага 8 ишкана катталган, бирок Марат Мураталиев өзүнүн декларасиясында бир да сом кирешени көрсөткөн эмес.

Анын агасы Байымбет Мураталиев – Талас облустук мамлекеттик администрациянын экс-жетекчиси, учурда ал Айыл чарба министрлигинде Санитардык жана фитосанитардык чаралар боюнча маалымдама кызматы менен ветеринария жана фитосанитария боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын жетекчиси.

Марат Мураталиевдин карындашы Бактыгүл Мураталиева 2021-жылы Талас облусундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Бакытбек Мураталиев – Марат Мураталиевдин агасы Байымбет Мураталиевдин уулу, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын мурдагы орун басары. 2018-жылы “Идеал-Хаус” VIP-шаарчасын сатуу ишине байланыштуу “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча камакка алынган. Бул кылмыш иши кандай бүткөнү тууралуу маалыматты ачык булактардын таба албадык.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Бакытбек Мураталиев Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн болчу, бирок кийин талапкерлигин кайра алып койгон.

Эмне үчүн бул маанилүү?

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам кызматчыга аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна тыюу салат. Болбосо бийликте кызыкчылыктар кагылышуусу жаралып, келечекте жемкорлук схемалардын пайда болушуна алып келиши ыктымал.

Мисалы, Курманбек Бакиевдин мамлекеттик коопсуздук кызматын жетектеген бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болгон уулу Марат Бакиев кийин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда айыпталышкан. Же, мисалы, бажыдагы жемкорлук схемаларга катышкан Райымбек Матраимовдун бир туугандарын алалы.

Бирок да “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзам боюнча, жакын адамдар деп бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү гана (жубайы, атасы жана апасы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, кандаштыгы боюнча жакын туугандары, ошондой эле багуусунда же болбосо толук көзөмөлүндө турган башка адамдар) таанылат. Калган башка туугандык мамилелердеги адамдар жакын адамдар деп эсептелбейт жана юридикалык талаш-тартыштын предмети боло албайт.