Президенттик аппараттын бир жыл ичиндеги чыгашасы 2.6 миллиард сомго жетти. Каражаттар каякка жумшалды?

Sputnik.kg’нин сүрөтү

“Ачык бюджет” мамлекеттик сайты жаңылануудан кийин кайра иштей баштады. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына талдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун жалпы чыгымдары 2 млрд 603.2 млн сомду түзгөн. Алардын 76% же 1 млрд 986.8 млн сому президенттин резервдик фондунун каражаттары болгон. Дагы 21% (551.1 млн сом) президенттик аппаратта иштегендердин айлыктарына жана социалдык төлөмдөрүнө жумшалган. Калган 3%ды же 65 млн сомду президенттик аппарат чет өлкөлөргө командировкаларга, байланышка, транспортко жана жана учурдагы оңдоо иштерине колдонгон.

Бул серепте президенттик аппараттын чыгымдары гана каралганын белгилей кетишибиз керек. Президенттин иш башкармалыгы өткөн жылы дагы 169.5 млн сом бюджеттик каражаттарды жана атайын каражаттардан 12 млн сомду короткон.

Командировкалар 

Factcheck.kg’нин журналисттери Кыргызстан президентинин чыгымдарын талдап чыгып, мамлекет башчы жана анын аткаминерлери иш сапарларына, мейманкаларга, суткалык төлөмдөргө жана транспортко 54.4 млн сом короткондорун аныктап чыгышты.

Өлкө ичиндеги иш сапарларга 5.3 млн сом коротулган, алардын 2.3 млн сому – мейманкаларга, 2 млн сому – транспортко, 986 миң сому – командировкалык төлөмдөргө.

Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чет өлкөгө сапарлар 49 млн сомго турган, алардын басымдуу бөлүгү мейманканаларга жумшалган – 23 млн сом, транспортко – 18.4 млн сом, суткалык төлөмдөргө – 7.6 млн сом. 

Сол жагындагы тилке — план, оң жагындагы тилке — иш жүзүндөгү чыгымдар.

Башка чыгымдар

Чоңдугу боюнча чыгымдардын кийинки статьясы – тамак-аш продуктылары – 4.57 млн сом. Транспорттук кызматтарга, анын ичинде отун-майды сатып алууга 3.5 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн товарларды сатып алууга жана мүлктү оңдоого 1,34 млн сом колдонулган. Дагы 1 млн ижарага кеткен.

Социалдык жөлөкпулдарга жана төлөмдөргө 760 миң сом гана жумшалган, бул ведомствонун чыгашаларынын жалпы суммасынын 0,03%ын гана түзөт. Эске салсак, Президенттин фондуна дээрлик 2 млрд сом кеткен.

Аталбаган «башка товарларды жана кызматтарды» сатып алууга 144 миң сом, аппараттын дары-дармектери үчүн 10 миң сом колдонулган, байланышка бир да сом сарпталган эмес.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 2022-жылдагы чыгымдарынын толук тизмеги: