Коомдук тармактарда белектердин ойнотулушу. Шылуундардын тузагына түшүп калбагыла

Коомдук тармактарда фейк белектердин ойнотулушу сейрек эмес, бирок ага карабай адамдар дагы эле шылуундардын тузактарына илинип калышууда. Бүгүн Factcheck.kg редакциясы бир ушундай мисалдын негизинде, шылуундардын схемасы кандай иштээрин көрсөтүп берет.

Instagram’дагы drive_of_the_life баракча автоунааларды ойнотуп келет. Алардын барагынан люкс классындагы автоунааларды көрсө болот.

19-июнда бул баракча Toyota Avalon’ду ойното баштаган, сынактын шартына ылайык, директке “катышам” деп жазып, катталып, жыйынтыгын күтүш керек. Шартты аткарган колдонуучуга менеджер жеке номуру жана сынак башталган датасы жазылган сынак катышуучусунун сертификатын жиберет имиш. Ошондой эле жеңүүчүлөр сториске чыгарылып, Instagram профилинде пост жарыяланары айтылат.

Ал эми июлда бул баракчада Toyota KAMRY 3.5 автоунаасы ойнотула баштады. Белекти алуу шарттары өзгөрүүсүз калган.

Барактын ээлери чынында эле жеке номуру бар сертификатты жиберишти. Ошол эле күнү оюндун жыйынтыктарын жарыялашты. Редакциябыз жеңүүчү аталып, автоунааны утуп алды.

Ошондон кийин журналисттер drive_of_the_life менен байланышып, белекти кантип алса болоорун сурашты. Бирок сынактын уюштуруучулары жеке маалыматтар (аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номуру жана электродук почтасы) керектигин айтышты. Андан кийин автоунаа учурда Германияда экенин билдиришти. Компания аны Кыргызстанга жеткирүү чыгымдарын өзүлөрү толук жабаарын, бир гана €55 өлчөмүндөгү каттоо чыгымдарын утуп алган адам жабышы керектигин белгилешти.

Редакциянын журналисттерине Раиса Нечунаеванын атына катталган банк картасынын номурун жиберишип, ал Казакстан банкынын картасы экени белгилешти.

БИН номуру боюнча бул карта чынында америкалык Zurn Federal Credit Union эмиссиялык банкына таандык экенин аныктадык. Белгилей кетүүчү жагдай, бул банктын карталары маал-маалы менен шылуундук схемаларда байкалып турат.

Биздин редакция белектин ойнотулушуна бир нече жолу катышып көрдү. Алардын бардыгында авто утуп алып жаттык.

Тыянак: Бул өтө шектүү сынак, аны уюштурган баракта анын уюштуруучусу, анын ишмердүүлүгү тууралуу эч бир маалыматты табуу мүмкүн эмес. Кат алышканда, керектөөчүдөн алдын ала акча которууну сурашат, болгондо да казак банкынын картасы деп америкалык банктын картасынын номурун беришет.

Эмнеге көңүл буруш керек?

Төмөндө Factcheck.kz редакциясындагы кесиптештерибиздин коомдук тармакта ишенимдүү сатуучуну шылуундан кантип айырмаласа боло тургандыгы тууралуу кеңештерин сунуштайбыз:

  • Компаниянын дарегин жана аталышын издөө кызматтары аркылуу издеп көрөбүз.
  • Сатуучунун барагындагы сүрөттөргө, сториске, “актуалдууга” көңүл бурабыз. Шылуундар көп учурда интернеттен алган сүрөттөрдү өзүнүкү катары сунушташат.
  • Эреже катары шылуундар жеткирүүнүн алдында алдын ала акча сурашат.
  • Жазылгандардын санын лайктардын, пикирлердин жана видео көрүүлөрдүн орточо саны менен салыштырып, жазылгандар жасалма түрдө көбөйтүлгөнбү, же жокпу текшеребиз. Бул дайыма эле шылуундукту айгинелебейт, бирок башка факторлор менен биргеликте жакшы көрсөткүч боло алат.
  • Посттордун алдында жана Интернетте жазылган пикирлерди окуйбуз. Пикирлер жасалма болуп калышы ыктымалдыгын эске алабыз. Пикир жазгандардын аты-жөнүнө, көрсөтүлгөн өлкөгө тийиштүү экендигине, пикир калтырылган даталарга ж.б. көңүл буруу зарыл.