Coca-Cola майрамга карата белек береби? Текшеребиз

Coca-Cola компаниясы Рождество майрамына карата белектерди ойнотуп атканы тууралуу билдирүү WhatsApp тиремесинде тарады. Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.


Эске салсак, оюндун шарты боюнча белектерди алуу үчүн билдирүүнү 20 адамга же 5 тайпага 500 секунддун ичинде таратып, белекти тандап алуу керек. Андан соң күтүү зарыл. Белгилей кетчү жагдай белек тандоо мүмкүнчүлүгү берилгени менен ал өзгөрүүсүз 5000 сомду түзөт.

Эскертүү! Factcheck.kg маалымат коопсуздугу үчүн бул кадамдарды кайталоону сунуштабайт.

Биз билдирүүдө сунушталган схема аркылуу өтүп, аны текшердик. Алгач башка шилтемеге туш болобуз.

Андан соң төмөнкү кадамдарды жасоо сунушталат:

  1. Сурамжылоодон өтүү
  2. Белек тандап алуу (5000 сом)
  3. Белекти алуу үчүн билдирүүнү 20 адамга же 5 тайпага 500 секунддун ичинде жөнөтүү

Бирок таймер 30-60% иш аткарылган соң иштебей каларын белгилейбиз.

 

Бул учурда колдонуучу техникалык ката кетти деген божомол менен дагы бир нече адамга маалыматты жөнөтүүсү ыктымал.

Билдирүүдө эмнеге көңүл бурабыз?

1.Сайттын баракчасындагы сүрөт буга чейин көптөгөн ресурстар тарабынан колдонулуп келет. Tin Eye сервиси аркылуу сүрөт буга чейин ар кайсы сайттарда 6 617 жолу жайгаштырылганын көрө алабыз. Ал эми Coca-Cola компаниясы көбүн эсе бренди бар уникалдуу сүрөттөрдү колдонот. Мисалы бул сүрөттү компания Covid-19га каршы чараларды көргөндүгү тууралуу жазганда колдонгон.

2. Билдирүүнүн төмөнүндө Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын комментарийлери калтырылган. Колдонуучулардын аттары адаттагыдай эмес, сүрөттөрү даана көрүнбөйт, ал эми комментарийлери ката жазылган. Мисалы, Уго Монтгомери аттуу колдонуучу мындай комментарий калтырган: “Мен катышып, жеңип, 5 күндөн кийин алдым. Сизди абдан жакшы рахмат”.

3. Мындан тышкары, бардык комментарийлер бүгүнкү күндө калтырылганы күмөн жаратат.

4. jwchunyiku.cn домени Пекиндеги Alibaba Cloud Computing Co., Ltd компаниясына катталган. Белгилей кетсек, Кытайдагы “Кока-Кола” компаниясы COFCO Coca-Cola Beverages Ltd деп катталган.

5. Белекти алуу мүмкүн эмес.

Жыйынтык: зыян келтирген шилтемелерди шылуундук жана манипуляция аркылуу жайылтуу (фишинг).

Coca-Cola компаниясы мындай акцияларды уюштурган жок.