Саакашвили Жапаровду “эр жүрөк” дегени чын

Социалдык тармактарда Михаил Саакашвили Садыр Жапаровду “эр жүрөк” деп баалаганы тууралуу маалымат жайылды.

Facebook колдонуучусу бул маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен редакциябызга кайрылды.

 

Factcheck.kg маалыматтын алгачкы булагын таап чыкты. Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Улуттук реформа кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы   “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына (RFE/RL)  интервью берген. 

Интервьюнун жүрүшүндө Саакашвили Жапаровго баа берип, аны “кызыктуу, эр-жүрөк инсан” деп мүнөздөгөн.  

 

“Жаңы өкмөткө, президентке ийгилик каалайм. Ал кызыктуу инсан. Эр-жүрөк. Ал өзүнүн эркиндигин тобокелге салып, Мекенине кайтып келген. Мыйзамсыз камакка алынган. Ал өзүнүн принциптерин билет, эли жана өлкөсү үчүн күрөшүүнү жакшы түшүнөт.  Менимче, учурда улуттун биримдиги зарыл. Мен анын ордунда болсом, кеңири амнистия жарыялап, бардык күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкмүн”, — деди ал. 

Жыйынтык: чындык. Саакашвили Жапаровду “эр жүрөк” деп мүнөздөгөнү чын.