Сирия Орусиядан Украинадан уурдалып чыккан 100 миң тонна буудайын алдыбы? Текшеребиз

ЖМКларда Орусия Украинадан уурдаган буудайын сатып жатканы тууралуу маалымат таратылууда. Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү.

2-июнда эл аралык Reuters маалымат агенттиги  Украинанын Ливандагы элчилигине шилтеме жасоо менен 2022-жылдын февраль айынан тарта Орусия Украинанын убактылуу басып алган аймактарынан 100 миң тоннадай буудайын өлкөдөн чыгарып Сирияга жөнөтүп жатканын кабарлаган.

Reuters  агенттигинин материалында Украинанын элчилигинен алынган маалыматка көз карандысыз текшерүү жүргүзүлбөгөндүгү жазылган. Ошондой эле мында Сириянын маалымат министрлиги буудай кайсы жактан алынгандыгы жана 100 миң тонна “уурдалган” украиналык буудай боюнча журналисттердин кайрылуусуна жооп берүүгө шашылбагандыгы айтылат.  Мындан тышкары Reuters белгилеп кеткендей, бул суроолорго Сириянын айыл чарба министрлиги жана Латакия портунун расмий өкүлдөрү да жооп берүүгө ашыккан жок.

Өз кезегинде Сирия тарап кеч болсо да буга жооп кылып мындай айыптоолорду “жалган” жана буудай эки өлкө ортосунда былтыркы келишимдин негизинде алынып жатканын, Украинага тийешеси жок деп  “Известияга” берген интервьюсунда билдирди.

Белгилей кетсек, Орусия 2011-жылдан баштап Сирияда жарандык согуш башталгандан бери буудайдын негизги экспортеру болуп саналат. Ал эми 2021-жылы эки өлкө ортосунда келишимге ылайык Орусия Сирияга жыл аягына чейин 1 млн тонна буудай жөнөтүшү керек. Бул туурасында “Интерфакс маалымдаган.

“ТАСС” агенттиги билдиргендей, бул айыптоолорго байланыштуу Евросоюз Орусиядан “уурдалган” буудайды сатып албоого жана буудайды текшерүүгө чакырган. Бирок, кантип текшерилет, ал жагы жазылган эмес.

Бул окуялардын негизинде Египет өлкөсү Украинаны колдоо ирээтинде Орусиянын буудайынан баш тартканы тууралуу маалымат пайда болду. Уурдалган буудайды сатып алууда деген айыптоолордон кийин, Түркия дагы Орусиянын буудайынан баш таркан сыяктанды.

Белгилей кетсек, буга чейин Украина менен Орусия Египет жана Түркия өлкөлөрүндө буудайдын негизги экспортерлору болуп саналып келген. Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу Египет үчүн Орусиядан буудай алууда логистикалык кыйынчылыктар пайда болгон. Египет Европанын башка өлкөлөрүнөн буудай ала баштаганы менен Орусиядан да сатып алууну толук токтотпогон эле.

Түркиянын өз кезегинде Орусия менен Украинадагы абал боюнча көз караштары түрдүү. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу  Украинанын элчисинин уурдалган буудайды сатып алуу тууралуу айыптоолорунан кийин Түркия Орусиядан же башка өлкөдөн уурдалган буудай сатып албайт, деп билдирүү жарыялаган.

Мындан тышкары Чавушоглунун айтымында буудайды Украинадан сатып алуу маселеси чечилип жатат, бирок Орусия, Украина жана БУУ менен чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар.

Белгилей кетсек, BBC бул окуянын үстүнөн иликтөө жасаган. Мында украиналык уурдалган буудайдын маршруту Крымга такалаары  айтылат.

Washingtonpost агенттигинин маалыматы боюнча Орусиянын Украина буудайын өлкөдөн чыгарып же жок кылуу аракетинин артында тамак-аш кризисин түзүү жана бир катар мамлекеттерди Орусияга көз каранды кылуу максаты турат.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Стефан Дюжаррик билдиргендей, Дүйнөлүк азык-түлүк программанын өкүлдөрүндө Украинанын мындай айыптоолорун ырастоо же четке кагуу мүмкүнчүлүгү жок жана бүткүл дүйнөлүк ачарчылыкты болтурбоо максатында Кара деңиздин акваториясында бардык азык-түлүктөрдүн коопсуздугу негизги маселе болуп саналат. Бул туурасында “ТАСС” агенттиги маалымдайт.

Жыйынтык: Жартылай чындык. Бир катар өлкөлөр чындап эле Орусиянын Украинадагы иш-аракеттерине нааразы жана Орусия тараптан алынган буудайдын маршрутун катуу текшерүү аракетин жасашууда. Ошентсе да, Украинанын айыптоолоруна негиз бар же жоктугун аныктоо Орусиянын башка мамлекеттер менен көп жылдык келишимдерининин негизинде чаташкан логистикалык чынжырчалардын айынан кыйынга турууда.