Айымдын жаш курагы канчада?

“В Контакте” социалдык тармагында бул айымдын сүрөтү жарыяланып, айым 90 жашта деп белгиленген. Бул маалыматка күмөн санагандар болгонуна карабай, айрым колдонуучулар айымдын азыркы абалын заманбап медицинанын жетишкендиги катары кабыл алган.

 

Factcheck.kg айымдын жаш курагын текшерди. Сүрөт аркылуу издөө салып, ал Кэролайн Лабушер аттуу модел экенин аныктайбыз. 

Алгачкы эле шилтеме моделдин “Инстаграмдагы” баракчасын тапты. Анда Кэролайндын жаш курагы көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, модел 56 жашта. 

DailyMail аттуу англиялык басылманын маалыматына ылайык, Кэролайн Лабушер Лондон шаарындагы Ислингтон районунда жашайт. Кэролайн эки баланын энеси. Учурда ал Vogue, Dior и Ralf Lauren сыяктуу бир нече атактуу компаниялар жана басылмалар менен иштешет. Лабушердин биринчи фотосессиясы 2017-жылы 51 жаш курагында болгон. 

Жыйынтык: жалган. Кэролайн Лабушер 90 жашта эмес, 56 жашта.