COVID-19 вакцинасын жаратканардын бири адамзатка каршы экенин моюнга алдыбы?

“В Контакте” социалдык тармагынын орус тилдүү QAnon аттуу тайпасында “Вакцинаны жараткан адамга чындык сывороткасы сайылды” деген баштема менен макала жарыяланды. Анда 2020-жылы британдык Джон Сноу деген журналист вакцинанын автору Джон Беллден интервью алганы тууралуу жазылат.

Макалада Джон Белл: “Вакцинанын натыйжалуулугу 60-70%, анын адамдарды стерилдештириүүсү күмөн жаратат” деп айтканы жарыяланган.

Ал эми материалдын автору Татьяна Паршина бул тууралуу өзүнүн божомолдорун айткан. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерүүнү чечти. 

Алгач QAnon тайпасы тууралуу маалыматты текшерип көрөлү. BBC жарыялаган маалыматка ылайык, QAnon – бул Президент Трамп Шайтанга сыйынган элитага каршы өкмөттө, бизнесте жана маалымат каражаттарында жашыруун согуш жүргүзүп жатат деген масштабдуу, толугу менен негизсиз теория.

Мындан тышкары, Джон Белл деген ким жана ал кайсы вакциналардын автору экенин тактоо зарыл. Жогоруда айтылган макалада бул боюнча маалымат жазылган эмес. Джон Белл тууралуу маалымат Ридли аттуу америкалык колледждин сайтынан табылды. Джон бул колледжде 1965-жылдан 1971-жылга чейин билим алган. Андан соң Оксфорддо иммунолог кесиби боюнча окуган. Оксфорддо ал AstraZeneca вакцинасын иштеп чыгууну көзөмөлдөөгө жардам берген

Бул маалыматка “далил” катары профессордун интервьюсунун сүрөтү жана видеосу берилген. Бирок бул тасманы кылдаттык менен көрсөңүз, анда “чындык сывороткасынын” эч кандай таасири (ашыкча сүйлөө, толкундануу, анча-мынча мас болуу ж.б.) байкалбайт. 

Чынында профессор Белл өз жообунда вакциналардын натыйжалуулугу тууралуу кеп козгогон. Анан калса вакциналардын зыяны тууралуу айтып, аны кутум теориясынын пайдасына чечмелеген.

 

Белгилей кетсек, англис тилинде “стерилдештирүү” деген сөздүн эки мааниси бар. 

Джон Беллдин интервьюсун толук көрүп, ал “60-70% стерилдештирүү” деген сөзү башка мааниде колдонулганын — “калкты толук камтый албоо” жөнүндө кеп кылганын аныктайбыз.

Ал эми макала автору Татьяна Паршина өзүнүн жеке пикирин таңуулап, стерилдештирүүнүн негизги маанисин жазып чыккан. 

Бирок коронавируска каршы вакциналар тукумсуздукка алып келеби?

Медицина кызматкерлери COVID-19га каршы вакцинанын тукумсуздук менен байланышы жок буга чейин айтып келген. Маселен, Британдык Төрөт коому жана Репродуктивдик, Клиникалык Окумуштуулар Ассоциациясы “COVID-19 вакциналары жана төрөт” аттуу документти 2021-жылдын февраль айында жарыялаган.

Мындан бир ай мурун акушерлер жана гинекологдор колледжинин сайтында атайын изилдөө жарыяланган. Анда “Заманбап вакциналарда аялдардын репродукциясына таасир эткен биологиялык механизмдер жок. Эмдөө алган аялдар тукум улай калбаган учурлар болгон эмес” деп айтылат.

Ал эми BBC бир мурда жарыялаган макаласында эмдөө тукумсуздукка алып келет деген божомол негизсиз экенин жазып чыккан. “Вакцинадан улам организмде  коронавируска каршы “тикен пайда болот. Ал вирус менен күрөшүүчү заттарды жана лейкоциттерди иштеп чыгат. Вакцина сизге вирус алып келбейт жана сиздин генетикалык маалыматыңызга таасирин тийгизе албайт” деп айтылган. 

Январь айында германиялык вакцина институтунун жетекчиси Клаус Цихутек DW басылмасына берген интервьюсунда эмдөөнүн кош бойлуулукка жана тукумсуздуука таасир бербесин айткан. 

Жыйынтык: дезинформация жана манипуляция. QAnon тайпасында жарыяланган макаланын автору профессор Джон Беллдин сөзүн атайлап бурмалаган. Эмдөө менен репродукциянын байланышы туууралуу далилдер жок.