17-18-майда Бишкектеги башаламандыкка канча адам катышты?

13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабында жайгашкан хостелдердин биринде жергиликтүү тургундар менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ болгон. Милиция КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козгоп, мушташка катышкандардын бардыгы Райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Төрт күн өткөндөн кийин, 17-майда, чет элдиктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган адамдардын тобу чогулган. Ал жакка милиция да барган. Жыйынтыгында башаламандык башталып, ал 18-майдын таңында гана тынчыган. Расмий билдирүү боюнча, чогулгандар Кыргызстанда чет элдик эмгек мигранттардын көбөйгөнүнө нааразычылыгын билдиришкен.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы боюнча, бул окуяларга 18 жаштан 25 жашка чейинки 200дөн 700гө чейин жаштар катышкан. Ал эми ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, акцияга катышкандардын саны 1000ге жакын болгон.
Factcheck.kg’нин редакциясы интернеттеги видеолорго таянып, бул сандарды текшерүү максатында чет өлкөлүк студенттердин жатаканасы жайгашкан жердеги 7-апрель менен Кийизбаева көчөлөрүнүн кесилишинде жана 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде чогулган адамдардын болжолдуу санын аныктаганга аракет кылды.
Адамдардын санын аныкташ үчүн топтолгон элдин жыштыгын аныктоо боюнча Герберт Жейкобстун эрежеси колдонулду.
Бул ыкмага ылайык, адамдар бири бирине жакын туруп, алардын арасын жиреп өтүү мүмкүн болбосо, 1 чарчы метр жерде 4,3 адам турган болот деп эсептелет. Эгерде адамдар бири бирине жакын турганы менен алардын ортосунан өтүү мүмкүн болсо, бир чарчы метр жерде 2,4 адам турган болот. Ал эми адамдар бири биринен колдун узундугундай алыстыкта турган жерде – бир чарчы метрге бир адам туура келет.
17-майда башаламандык башталганда интернетте ар түрдүү жактан, ал эмес дрондон тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болгон. Бул чогулган адамдар турган жердин аянтын жана турган адамдардын жыштыгын аныктаганга мүмкүнчүлүк берди.
Чет өлкөлүк студенттердин жатаканасынын жанындагы нааразылык акциясы
Дрондон тартылган видео (автору @samat_fotografie) Кийизбаев көчөсүндөгү «Форум» имаратындагы чет өлкөлүк студенттердин жатаканасынын жанында чогулган адамдардын болжолдуу санын аныктаганга мүмкүнчүлүк берди.
Скриншоттон көрүнүп тургандай, нааразылыгын билдиргендер эки жерде топтолуп турушкан: биринчи топ май куюучу станциянын чыга беришинде турган, экинчиси жолду бойлоп.
Сүрөттү чоңойтуп көргөндө, биринчи топтогу адамдардын жыштыгы орто болгон, алар бири бирине жакын тургандары менен алардын оросунан өтүүгө болот эле.
Экинчи топтогу адамдардын жыштыгы азыраак, анткени алар бири биринен алысыраак турушат, б.а. бул топтун жышытыгын төмөн десек болот.
Google Earth кызматы көрсөткөндөй, биринчи топ 120 чарчы метрди ээлеп турган, ал эми экинчи топ 50 чарчы метрди.
Биринчи топто турган адамдардын санын эсептегенде (1 чарчы метрдеги адамдардын жыштыгы 2,4 адам), видео тартылган учурда ал жерде 300гө жакын адам турганын аныктадык. Экинчи топтогу адамдардын саны (1 чарчы метрдеги адамдардын жыштыгы 1 адам) болжолдуу 50 болду.
Ошентип, 17-майдын түнү 7-апрель жана Кийизбаева көчөлөрүнүн кесилишинде 350гө жакын адам чогулган.
7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги нааразылык акциясы
Нааразылык акцияга чыккан адамдар чогулган экинчи жер 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши болгон. Дрондон тартылган видео (автору @samat_fotografie) бул учурда да нааразыкка чыккандар турган жердин болжолдуу аянтын жана чогулгандардын болжолдуу санын аныктаганга мүмкүнчүлүк түздү.
Скриншоттордо көрүнүп тургандай, негизги топ эки жолдун кесилишинин батыш тарабында турган. Адамдар ары-бери басып такай кыймылда болуп, алардын жыштыгы төмөн болгон.
Google Earth кызматы нааразылыкка чыккандар 1000 чарчы метрге жакын жерди ээлегенин көргөздү. Адамдардын жыштыгы аз экенин эсек алсак (1 адам 1 чарчы метр жерге) жолдун кесилишинде топтолгон адамдардын саны 900-1000ден ашкан эмес.
Тыянак: 17-18-майдагы башаламандыкта 7-апрель менен Кийизбаева көчөлөрүнүн кесилишинде 350гө жакын, ал эми 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде 900-1000ге жакын адам чогулган.
Майдын 17синен 18ине караган түнү тез жардам бригадаларына медициналык жардам сурап 29 чет өлкөлүк студент кайрылган. Аларддын 15и Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилген, калгандарына жеринен жардам берилген, – деп билдирет Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.