ЖМКлар Украинада ири күн электр станциясынын орусиялык аскерлер тарабынан уурдалышы тууралуу жазып чыгышты – Текшеребиз

Украиналык бир катар ЖМКлар жана телеграмм-каналдарында орусиялык аскерлер ири «Тоkmak Solar Energy» күн электр станциясын өлкөдөн чыгарып кеткени тууралуу жазып чыгышты.  Станция Украинанын Запорожец облусунун Токмак шаарында жайгашкан.

Украиналык энергетиканы калыбына келтирүү ассоциациясынын талдоочусу Александр Донченко Forbes басылмасына курган маегинде мындай панелдерди чыгарып кетүү абдан кыйын иш жана атайын техниканы талап кылаарын билдирген. Ошондой эле ири станцияны демонтаждоо жана ташып кетүүгө бир күн эмес, жумалар керек.

Ал эми Александр Репкиндин (Токмак күн электр станциясынын кожоюндарынын бири) айтымында, бул маалымат фейк.  Анткени орусиялык аскерлер аткылап талкалаган шаймандарды алар өздөрү чыгарып кетишкен жана ремонттошкон.

Спутник аркылуу фотосүрөттөрдү текшерүү жолу менен «Tokmak Solar Energy» электр станциясы өз ордунда турганына күбө болдук.

Эскерте кетсек, февралдын аягында орусиялык аскерлер Токмак шаарына кирип аткылап баштаганда аталган электр станциянын 20 пайызы жабыркаган.

Учурда «Tokmak Solar Energy» күн электр станциясы болжол менен  40 Мвт кубаттуулукта ишин улантып жатканы маалым.

Жыйынтык: жалган. Токмак күн электр станциясы эч ким тарабынан уурдалган эмес. Анткени анын панелдерин чыгарып ташып кетүү абдан кыйын жана атайын техника менен көп убакытты талап кылат.