Ууланган маскалар тууралуу маалымат — фейк

Мессенджерлерде ууланган маскалар элге таратылып, андан соң талап-тоноочулук болуп атканы тууралуу билдирүүлөр тарады.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Ал үчүн “химикат менен ууланган маска тагынуу” (“надеть маску с химикатами”) деп орус тилинде издөө салабыз. Жыйынтыгында бул билдирүү эң кеминде үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта жайылып жүргөнүн аныктайбыз.

24-апрелде Мордовия полициясы маалыматты четке какканы белгилүү болду.

Ал эми 2 күндөн соң Якутия бийлиги да билдирүүнү фейк деп жаярылаган.

Жыйынтык: Фейк. Ууланган масканын таратылышы  тууралуу маалымат фейк жана дүйнөлүк желеде бир нече айдан бери жайылууда.