“Талибан” Кыргызстан менен Тажикстанды арачалаганы чынбы? Текшеребиз

Кыргызстан менен Тажикстанда террористтик уюм катары таанылган «Талибан» кыймылы эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөгөнү тууралуу Asia-Plus сайты жазып чыкты. 

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Asia-Plus макаланы аталган кыймылдын твиттер-аккаунтунун пресс-катчысы Забехулла Муджохидге таянып, жазып чыкты.

6-июнда Забехулла Муджохиддин твиттер-аккаунту кыргыз-тажик жаңжалы боюнча Ислам Эмиратынын декларациясына шилтеме берген. “Талибан” кыймылы өзүн Ислам Эмираты деп атаганы менен белгилүү

Декларацияда эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү сунушталат:

“Башкаларга салыштырмалуу бизде согуш аркылуу зыян келтирүү тажрыбайсы арбын. Согуштун башаты жеңил көрүнгөнүнө карабай, анын кесепети кыйла коркунучтуу.  Өз тажрыйбабызга таянып, эки өлкөнүн лидерлерин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды, тынчтыкты жана коопсуздукту эске алуу менен көйгөйдү акыл кылчап, чечүүгө үндөйбүз”.* 

Жыйынтык: чындык. 2021-жылдын 5-июнунда Кыргызстан менен Тажикстанда террористтик уюм катары таанылган “Талибан” кыймылы эки өлкөдөгү жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөгөгү чын.

*Декларациянын котормосу “Талибан” кыймылын пропагандалоо максатында эмес, билдирүүнү тастыктоо иретинде берилди.