Ысыктан жабыркаган унаалар тууралуу маалымат – фейк

Кувейтте аномалдуу ысыктан жабыркаган унаалардын сүрөтү үч жылдан бери жай мезгилинде социалдык тармактарда кеңири тарап келет. Айрым россиялык басылмалардын айтымында Кувейтте аба ырайынын температурасы 70 градустан ашкан. Жыйынтыгында унаалар жана жол чырактар ээриген.

 

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Жаңылыкты жазган басылмалар Al Rai сайтына шилтеме берген. Аталган сайтта 2021-жылдын 10-июлуна карата Кувейттеги аба ырайы 52 градуска чейин жеткени белгиленген.

Ал эми Wolfram Alpha сайтындагы маалыматка ылайык, июль айындагы температура 50 градустан жогорулаган эмес. Кувейттин Жарандык авиациясынын башкы башкармалыгынын алдындагы метеорология департаменти да бул маалыматты тастыктайт.

 

Ал эми ээриген унаалар тартылган сүрөт 2018-жылы АКШдагы Тусон шаарында тартылганын казакстандык Factcheck.kz сайты мындан эки жул мурда аныктаган. Аризона Университетине таандык жатаканалар курулуп аткан жерден өрт чыгып, анын жанында токтогон унаалар жабыркаган. Бул тууралуу убагында Tucson.com сайты жана Tucsonnewsnow.com басылмасы жазып чыккан.

Биз аталган жерди картадан таптык. 2018-жылы жабыр тарткан эки унааны тең кадрдан көрсө болот.

 

Ал эми Кувейтте тартылды делген ээриген светофор чынында Барселонадагы нааразычылык акциясында 2019-жылдын 17-октябрында тартылган. Сүрөттүн автору – Reuters басылмасында эмгектенген Jon Nazca аттуу журналист.

Жыйынтык: жалган. Учурда Кувейтте күн өтө ысык, бирок 50 градустан ашпайт. Ал эми аномалдуу ысыктан жабыркады делген унаанын жана жолчырактын сүрөттөрү АКШда жана Испанияда тартылган жана алардын Кувейтке тиешеси жок.