Украиндиктер ботулотоксин менен сууну, ок-дарыларды жана тамак-ашты ууландыра алышат. Бул чынбы?

Орусиялык “Комсомольская правда” басылмасы 2022-жылдын 21-августунда “Украина улутчулдары бөтөлкөдөгү сууну ууландыра алышат” деген аталыштагы макаланы жарыялаган.

Макаланын автору Александр Бойконун билдирүүсүндө Запорожье облусундагы орус аскерлери аскердик заттар менен ууланган.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, киев режими орус аскерлерине каршы жасалма уулуу затка – “В” түрүндөгү ботулотоксинге окшош ууландыруучу заттарды колдонгон”, – деп айтылат материалда.

Автордун айтымында, лабораторияда өзгөртүлгөн ботулотоксинди:

  1. Тик учактар менен чачышууда
  2. Ийнеге сыйпап бут кийимдерге салышууда
  3. Тама-ашка кошууда.

Текшеребиз.

Ботулотоксин деген эмне?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) маалыматы боюнча, ботулинум токсиндерин Clostridium botulinum бактериялары иштеп чыгарат. Алар температуранын өзгөрүшүнө туруктуу жана айлана-чөйрөдө кеңири тараган, кычкылтек жетишпеген учурда алар өсүп-өнүп, токсиндерди бөлүп чыгарышат.

Ботулинум токсининин 7 түрү бар, A–G түрлөрү. Алардын төртөөсү (A, B, E түрлөрү, кээде F) адамда ботулизмди (катуу ууланууну) пайда кылат.

Ботулотоксин организмге иштетилбеген продуктыны жегенде кириши мүмкүн. Адамдагы ботулизмдин негизги себеби тамак-аштан уулануу, бирок ал кээде бактериянын жарага түшкөнүнөн да болот. Ошондой эле ымыркай балдардын ичегисинде бактериялардын өсүшү көп кезигет.

Ботулотоксин консервацияланган төмөнкү продуктуларда табылган: жашыл төө буурчак, шпинат, козу карын, балык консервалары, ферменттелген, туздалган жана ышталган балык, ветчина жана сосиски сыяктуу эт продуктулары. Бул продуктулар өлкөгө жана жергиликтүү калктын тамактануу маданиятына жараша өзгөрүп турат. Кээде ботулинум токсиндери тамак-аш өндүрүшүнүн консервацияланган продуктуларында кездешет.

Ботулотоксин жогорку температураны көтөрө албайт, мисалы, кайнатса жок болот. Ошондуктан ботулизм менен ооруп калуунун негизги себекерлери — кычкылтеги аз таңгактагы даяр тамактар.

Эскертүү: Кадыресе жашообузда ботулотоксин бизге “Ботокс” коммерциялык бренди катары көбүрөөк таанымал — бул турукташтырылган жана кошулмалардан тазаланган А түрүндөгү токсин. Анын жардамы менен косметологдор ар түрдүү процедураларды жүргүзүшөт — бырыштарды жазышат, терчилдикти азайтышат ж.б.

(фото)

Ботулотоксинден ким жабыр тартышы мүмкүн?

6 айга жете элек ымыркайлардын ичегисине C. botulinum споралары түшсө токсин бөлүнүп чыгышы мүмкүн.

6 айдан жогору жаш балдарда жана чоңдордо мындай нерсе байкалбайт, анткени кечирээк калыптанган организмдин коргонуу механизмдери споралардын өсүп-өнүшүнө жана бактериялардын көбөйүшүнө жол бербейт.

Эгер ботулотоксин жарага түшсө?

Жарат ботулизми сейрек кездешет. Аны үчүн споралар жарага түшүп, бактерия кычкылтексиз чөйрөдө болушу керек. Башкача айтканда, эгер бактерия жарага түшсө, аны бинт менен катуу таңып, эки жума дезинфекция кылуучу каражаттарды колдонбош керек болот. Жарат ботулизми адатынча баңгилик жана токсикомания менен байланыштуу, мисалы, героиндин иъекциялары менен.

Ботулотоксин чачылган аба менен дем алса эмне болот?

Мындай учурлар жай жашоодо кездешпейт, аны үчүн кокустан же атайын (биотерроризм) токсиндер аэрозоль түрүндө абада чачылышы керек. Анын кесепети тамак-аштан уулангандай болот.

Адамдын өлүмүнө алып келе турган дозанын орточо өлчөмү — ар бир килограмм салмакка 2 нанограмм туура келиши керек, б.а. бул тамак-аштан уулануудагы көрсөткүчтөн болжолдуу 3 эсе көптүк кылат.

Дагы ким ботулотоксин менен ууланышы мүмкүн?

Чийки суу аркылуу

Адам токсин бар сууну ичкенден да ууланышы ыктымал. Бирок сууну иштеткенде (кайнатканда же гипохлориттин 0,1 пайыздык эритмеси менен дезинфекция кылганда) токсин жок кылынаарын эске алсак, мындай ыктымалдык өтө эле төмөн.

Хирургиялык кийлигишүү болгондо же антибиотиктер менен дарыланганда

Тамак-аш жана жарат ботулизминин булагы табылбаган учурда себеби белгисиз ботулизм адатынча чоңдордун арасында катталат. Мындай учурлар ымыркайлардын ботулизмине окшоп кетет, б.а. антибиотиктерди ичүүнүн айынан ичегидеги кадыресе флоранын өзгөрүшүнө байланыштуу. Ошондой эле айрым адамдардын организмине медициналык жана косметикалык максатта колдонгон таза токсиндердин жакпаганы катталган.

Жыйынтыгында эмне?

Мурда ботулоксиндерди чынында эле аскердик аракеттерде колдонуу пландары бар болчу, бирок бул Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдарында болгон. Материалда бул күндөрү ботулотоксиндин аэрозоль түрүндө колдонулганыдыгына так далилдер келтирилген эмес. Ошондой эле украин же башка тик учактардын токсинди абага чачкандыгы тууралуу күбөлөрдүн билдирүүлөрү жок.

Токсин менен тамак-аштан уулануу үй шартында да болушу мүмкүн, үйдө жабылган консервацияланган продуктуларды жегенден, же чийки сууну ичкенден. Ал эми аскерлердин бут кийимине катылган токсин сыйпалган ийнелерди колдонуу толук мүмкүн. Бирок да кир учтуу буюмдан жаракат алгандан селеймени (столбняк) жана толтура башка бактериялык инфекцияларды жуктуруп алса болот, кан бузулушу мүмкүн. Ушуга окшош бут кийимдер украин-орус согушунда колдонулду деп учурда так айтуу мүмкүн эмес, анткени ага фото-видеодалилдер жок.

Вердикт: Көз жазгыруу. Чийки суу ичүүдөн, сапатсыз консервацияланган тамак-ашты жегенден уулануу эч бир далилсиз, божомолдордун негизинде гана.